Кара-Кулжа районундагы мектептердин биринде классташтардын 20 жылдык кечесине барган аялын өлтүрдү деп шек саналган жаран камалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
"26-майда Өзгөн милициясына Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары келиндин күйөөсү, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",-деп жазылган маалыматта.
Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Кылмышка шектүүнүн жакындары, жактоочусу үн ката элек.
Мунун алдында социалдык тармактарда классташтардын 20 жылдык кечесинде убагында чогуу окуган бала менен кол кармашып чыккан аялын күйөөсү кызганып, атка сүйрөтүп, атып өлтүргөнү тууралуу маалыматтар чыккан.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталып жатат.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.
Шерине