Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Жаңылыктар | 21.05.2025 | Орусия 20 миңдей мигрантты согушка салганы расмий айтылды


Жаңылыктар | 21.05.2025 | Орусия 20 миңдей мигрантты согушка салганы расмий айтылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:16 0:00

Эркин журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Журналист айыптардын баарын четке кагып, айыпсыз экенин дагы бир жолу кайталады. Кыргызстанда кармалган орусиялык активист мекенинде "террорчулук" үчүн соттолду. Согушту айыптаган активистти сот 16 жылга кести. Бул арада Орусия 20 миңдей өзбек, тажик, кыргыз жаштарын "тутуп алып", согушка айдаганы расмий айтылды. Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин алар майдандын алдыңкы катарындагы кармаштарга катышып жатканын билдирди. БУУ Газага азык-түлүк, дары-дармек тез арада жеткирилбесе, арты апаатка алып келерин эскертүүдө. Эл аралык коомчулуктун, Еврошаркеттин сынына карабай, Израил Газадагы согушту кеңейтип, күн сайын анклавды аткылап келатат.

XS
SM
MD
LG