26-майда Бишкектеги Sofia International Hotel мейманканасында пландалган Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) 35 жылдыгына арналган иш-чара үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын уюштуруучусу, КДКнын курамынан чыккан "Кыргызстан укук коргоо кыймылынын" жетекчиси Турсунбек Акун билдирди.
Турсунбек Акун белгилегендей, алар мейманкана менен бир ай мурда келишим түзүп, кыймылдын мааракесин ушул жерде белгилемек болушкан. 200дөн ашуун киши чогулуп, мейманканага келишкен учурда анын администрациясы адамдарды ичкери киргизбей коюшкан. Түртүшүү маалында укук коргоочу башынан жана колунан жаракат алган.
“КДК уюму 1990-жылы 26-майда негизделген, бүгүн анын 35 жылдыгын белгилемекпиз. Кыймылдын башында турган Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев өтүп кеткен. Уюмдун азыркы төрагасы менмин. Биз уюштуруу комитетин түзүп, бүгүнкү күнгө өткөрүүгө ушул “София” мейманканасы менен сүйлөшкөнбүз. Келишим түзүп, акчасын төлөгөнбүз. Бул жактын администрациясы мага чукул эле чалып “болбой калды, өткөрө албай калдык” деди. Анан мен мамлекеттик катчыга чалып, эртең менен ал да келди. Ал дагы эшикти ачтыра албай койду. Ага карабай биз экинчи кабаттагы бир бөлмөсүнө кирүүгө аракет кылсак, сакчылары тосуп, жарымын киргизип, жарымын киргизбей коюшту. Анан мен эшикти тартсам, айнек экен, сынып кетти. Айнек күүлүп түшүп, башымды, колумду кесип кетти. Эч ким урган жок, бирок жулмалашып кеттик. Мен бул тоскоолдуктар атайын жасалды деп ойлойм”, – деди Турсунбек Акун.
Жеке менчик бейтапканадан чакырылган Тез жардам бригадасынын дарыгери Турсунбек Акунду бир сыйра карап, колун таңып, биринчи жардам көрсөттү.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, баштапкы тергөө аракеттерин жүргүздү. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул тууралуу азырынча маалымат тарата элек.
Sofia International Hotel мейманканасынын жетекчилиги да “Азаттыкка” комментарий берүүдөн баш тартты.
Чогулгандар мейманкананын кире беришиндеги (фойесинде) үстөлдөргө отуруп, жыйынын өткөрүштү. Анда КДКнын тарыхы, иши, сабагы тууралуу билдирүүлөр айтылып, Кыргызстандагы бүгүнкү коомдук-саясий кырдаал жөнүндө да сөз болду. Соңунда резолюция кабыл алынып, тарап кетишти.
Кыргызстан демократиялык кыймылы – КДК Советтик Кыргызстандын акыркы жылында түзүлүп, өлкөдөгү демократиячыл жараянды тездетүүгө үлүш кошкон алгачкы ири антикоммунисттик бирикме болгон. Уюм 1990-жылы 26-27-майда түзүлгөн жана аны Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Кадыр Матказиев, Төлөн Дыйканбаев, Тынчтыкбек Чоротегин, Жумагазы Чоң Аюу жана башкалар негиздеген. Кыймыл кийин бөлүнүп, КДК, "Эркин Кыргызстан" жана "Асаба" партиялары негизделген. (ErN)
Шерине