Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду


ӨКМ жарыялаган сүрөт.
ӨКМ жарыялаган сүрөт.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда көмүр карьерине өз алдынча көмүр казууга кирип кеткен бир жаран газга ууланып мерт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аларга кырсык тууралуу 20-майда маалымат түшкөнүн, жерине алты куткаруучу барып, ал жарандын сөөгүн 90 метр тереңдиктен алып чыгышканын кабарлады.

Мерт болгон жаран, анын тек-жайы тууралуу толук маалымат берилген жок.

Кыргызстандын бир катар аймактарында, анын ичинде Баткенде бир канча көмүр шахталары жайгашкан. Буга чейин карьерлерде негизинен өз алдынча иштеп жатып газга ууланып, өмүрү кыйылган окуялар катталган.


Шерине

XS
SM
MD
LG