Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

"Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөт


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

"Манас" эл аралык аба майданынын FRU деген үч тамгадан турган IATA коду 9-августтан тартып BSZ деп жазыла баштайт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги кабарлады. Аталган агенттик "Манас" аэропорту менен биргеликте жаңы кодго өтүүгө байланыштуу тиешелүү даярдык чараларын көрүп жатканын билдирди.

"Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салуучу 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык 9-майда кабыл алынды жана 90 күндүк мөөнөттөн кийин күчүнө кирет. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат. Жарандык авиация агенттиги жана "Манас" эл аралык аэропорту менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга өтүүгө керектүү иштерди жүргүзүп жатат",-деп жазылган.

Үч тамгалуу уникалдуу идентификатор – Аба транспорту эл аралык ассоциациясы (IATA) дүйнөнүн аэропортторуна ыйгарган код. Аны авиакомпаниялар, билет сатуу жана брондоо менен алектенген агенттиктер жана башка кызыкдар тараптар маалымат алмашууда колдонушат. Код адатта аэропорт жайгашкан шаардын аталышына шайкеш берилет.

“Манас” эл аралык аэропортунун FRU деп аталган коду Бишкек шаарынын СССР маалындагы аталышы – Фрунзе сөзүнөн алынган. Мурдагы Пишпек 1925-26-жылдардан тартып Фрунзе деп аталып, 1991-жылы Кыргызстан эгемендик алган соң Бишкек аталышына кайтарылган. Ошондон бери борбор калаадагы аэропорттун кодун жаңыча аталышка өзгөртүү аракеттери ишке ашпай келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG