Белгилүү публицист, журналист маркум Абдувахаб Мониевдин макала, маектери, ал тууралуу замандаштарынын эскерүүлөрү топтолгон китеп жарык көрдү. Китепте Мониевдин ар кайсыл жылдары жазган саясий, аналитикалык макалалары, ЖМКларга курган маектери, ал тууралуу калемдештеринин эскерүүлөрү берилди. Түстүү сүрөттөр менен басылып чыккан китеп 500 нускада жарык көргөн.
Мониев эгемендик жылдарынан тарта терең талданган, саясий аналитикаларды жазып, “Асаба”, кийин “Агым” аркылуу кыргыз окурмандарына кеңири таанылган. Бир катар эркин басылмаларда эмгектенип, саясий курч темаларда макалаларды жазган.
Мониев оорудан улам 48 жаш курагында 2022-жылы каза болгон. Ал журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге да активдүү аралашып жүргөн. Өмүрүнүн соңунда "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болуп турган.
Абдувахаб Мониев 1974-жылы Ош облусунун Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. 1998-жылы ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуп иштөө менен баштаган. 2000-жылдан тартып республикалык “Асаба”, кийин “Агым” гезиттеринде кабарчы, “Учкун” гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.
2005-2007-жылдары облустук “Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору, 2007-2009-жылдары “Агым”, “Ачык саясат” гезиттеринин башкы редакторунун орун басары, “Пресс kg” гезитинин башкы редактору болгон. 2010-жылы “Эркин Тоо" гезитинде редактор болуп эмгектенген.
“Генерал Ысакбек” (2006-жыл), “Эстутум-1” (2007-жыл), “Муңгуш” (2012-жыл) деген китептердин автору.
Шерине