Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:59

ЖКда Элдос Турсунбековго операция жасаган дарыгердин уруксаты болбогону айтылды


Элдос Турсунбеков.
Элдос Турсунбеков.

Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Аман Осмонов Элдос Турсунбековго сакал эктирүү боюнча операция жасаган дарыгердин лицензиясы болбогонун билдирди. Ал бул тууралуу 19-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызынын суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Бул окуяга байланыштуу министрликте атайын комиссия түзүлүп, жеринде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анда Горкький 128 көчөсүндөгү "Дита клиник" косметологиялык клиникасынын жетекчисинен Санжар Акматов деген бала 2025-жылдын 1-мартынан баштап бир бөлмөнү ижарага алып медициналык кызмат көрсөткөнү аныкталды. Биз 2023-жылы Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасы менен рейд жүргүзгөн учурда ушул клиниканын лицензия жок болгонуна байланыштуу айып пул салып, ичики иштер органдарына өткөрүп бергенбиз. Операция жасаган хирургдар бизден уруксат алган эмес жана иштегендерине эки эле ай болуптур. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин тергеп жатканына байланыштуу эшиктердин баарын жаап, болгон документтерди алып кетишиптир. Кошумча маалымат ала алган жокпуз жана Санжар мырзанын өзү менен дагы байланыша алган жокпуз",-деди Осмонов.

Бишкекте 8-майда жеке клиникада сакал эктирүү үчүн операция жасатып жаткан маалда 30 жаштагы хирург Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон жана бул тууралуу биринчилерден болуп "Азаттык" жазып чыккан.

Маркумдун жакындары дарыгер күмөндүү жагдайда көз жумганын айтып, укук коргоо органдарынан окуяны дыкат териштирип берүүнү талап кылып жатат.

ИИМ Кылмыш кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренесинин негизинде козголуп, тергелип жатканын билдирген.

Кыргызстанда лицензиясыз эле медициналык кызмат көрсөткөн клиникаларга кайрылып, майып болуп же өлүмгө кабылган окуялар катталган.

Дагы караңыз

Шерине

XS
SM
MD
LG