Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:19

Румыния: президенттик шайлоодо Бухаресттин либерал мэри улутчул саясатчыны жеңди


Никушор Дан.
Никушор Дан.

Румынияда 18-майдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Бухаресттин либерал мэри Никушор Дан жеңди. Ал саясий атаандашы, ашынган оңчул “Румындардын биримдиги үчүн альянс” (AUR) партиясынын лидери, трампчыл саясатчы Жорже Симиондон көп добуш алды.

Өлкөнүн туруктуу шайлоо комиссиясы Данды шайлоочулардын 53,6%, ал эми Симионду 46,4% колдогонун билдирди.

Алгач экзитполдундун жыйынтыгы Дан утуп баратканын көрсөткөндө Симион бул маалыматтарга ишенбей турганын айтып, өзүн жаңы президент деп жарыялаган. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин утулганын мойнуна алган.

Ал Фейсбуктагы баракчасына "атаандашым Никушор Данды куттуктайм. Ал шайлоодо жеңди. Румын элинин каалоосу ушундай болду",-деп жазды жана "Румыния үчүн күрөштү" улантарын кошумчалады.

Никушорду Украинанын президенти Владимир Зеленский Х социалдык тармагы аркылуу куттуктады.

"Украина үчүн анын кошунасы, досу катары Румыниянын ишенимдүү өнөктөш болгону маанилүү. Биз ушундай болот деп ишенебиз. Кызматташуу аркылуу биз өлкөлөрүбүздү, биздин Европаны күчтүү кылабыз",-деп жазды Зеленский.

Никушор Украинага жардам берүүнү жана Румыниянын Европа Биримдигине терең интеграциясын колдоп келген саясатчы катары белгилүү.

Ал эми 38 жаштагы Симион коңшу Украинага аскердик жардам берүүнү токтотууну жактайт, Евробиримдик жетекчилигин сындап, АКШ президенти Дональд Трамптын “Американы кайрадан улуу кылабыз!” деген кыймылын колдой турганын билдирип келген.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 4-майда өткөн. Анда Симон 40,5% добуш алып алдыга чыккан. Данды шайлоочулардын 21% колдогон.

Шерине

XS
SM
MD
LG