Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, 18-майга караган түнү катуу шамалда Ала-Тоо аянтындагы желек айрылып, ал жарым сааттын ичинде жаңысына алмаштырылды.
Жалпысынан 23 бак кулады, дагы 50дөйүнүн бутактары сынды. Анын кесепетинен машиналар, турак жайлардын чатырлары жабыркады. Мэриядан жер-жерлерде авариялык бригадалар иштеп жатканын кабарлашты.
Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Анда аптаптуу ысык күндөрдөн кийин аба ырайы кескин өзгөрөрүн билдирген. Аймактарда маал-маалы менен жамгыр жаап, айрым региондордо күчөп, катуу шамал болорун эскерткен.
Дагы караңыз
Шерине