Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Баткенде аскер кызматкери аткезчиликке шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткен облусунда Коргоо министрлигинин “Мурас” аскер бөлүгүнүн кызматкери мал аткезчилигине шек саналып кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, 28-апрелде ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткендин Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин “Мурас” аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери (Ж.А.С.) кармалган. Бул тууралуу маалыматты УКМК 12-майда жарыялады.

Материалдар укуктук баа берүү үчүн Аскер прокуратурасына берилди.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын 2021-жылдын апрель-май айындагы куралдуу жаңжалдан кийин “чек аралар такталганга чейин” деген жүйө менен бир тараптуу жапкан. Кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен аткезчилик жол менен дары-дармек, мал-жандык жана накталай акча ташыгандар кармалып турат.

19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу келишимдер ратификациядан өткөн. Президент Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG