Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Трамп израилдик-америкалык жаран Газадагы барымтадан бошотуларын бышыктады


Израил өкмөтүнөн барымтадагыларды бошотуу аракетин көрүүнү талап кылган акция. Тель-Авив, 10-май, 2025-жыл
Израил өкмөтүнөн барымтадагыларды бошотуу аракетин көрүүнү талап кылган акция. Тель-Авив, 10-май, 2025-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп израилдик-америкалык жаран Идан Александрды барымтадан кое берүү тууралуу макулдашууга жетишилгенин бышыктады.

“Ырайымсыз согушту токтотуу жана барымтадагыларды, өлгөндөрдүн сөөктөрүн кайтарууну көздөгөн бул кадам Кошмо Штаттарга карата жакшы ниеттин духун чагылдырат жана бул Катар менен Египеттин ортомчулугу аркасында ишке ашууда”, - деп жазды Трамп Truth Social тармагына.

Мунун алдында палестиналык ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу 2023-жылдын 7-октябрында барымтага алынган Идан Александрды бошоторун жарыялаган.

Израил бул үчүн ок атууну токтотууну же палестиналык туткундарды азат кылуу макулдашылбаганын, Александрга коопсуз коридор гана камсыздаларын премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдирди.

ХАМАС, АКШ, Египет жана Катардын сүйлөшүүлөрүнөн кийинки чечим тууралуу Израил жекшембиде кабардар кылынган. Александр 12-майда бошотулат деп болжолонууда.

Бул кадам "хамасчылардын" колунда калган 59 кишини чыгарууга жол ачышы ыктымал, бирок Нетаньяху Газадагы операцияны күчөтүү үчүн даярдык уланарын жарыялады.

Трамп 13-майда Жакынкы Чыгыштагы сапарын баштамакчы. Бирок анын Израилге сапары пландалган эмес.

Ал арада арачылар анклавда тынчтык орнотуу же жок дегенде убактылуу жарашуу, барымтадагыларды эркиндикке чыгаруу аракеттерин улантууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG