11-майдын таңында Орусия Украинанын Киев облусун бутага алып, согуштук дрондор менен аткылаганын облустук аскердик администрация кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, абадан коргонуу системасы иштеп, айрым учкучсуз учактар атып түшүрүлдү.
Жарандык инфраструктурага зыян тийбегенин белгилеген администрация Бровары районунда 71 жаштагы жергиликтүү тургун жараат алганын, ал нес абалда ооруканага жеткирилгенин, Обухов районунда беш жеке үй зыян тартканын кабарлады.
8-майда украин президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп атышууну 30 күнгө токтотууга кайрадан чакырып, эгер мунаса табылбай турган болсо Вашингтондун жана анын союздаштарынын жаңы санкциялары башталарын эскерткен.
10-майда Германия, Франция, Польша жана Улуу Британия лидерлери Зеленскийге колдоосун билдирип, атышууну 30 күнгө эч кандай шарт койбостон токтотуу зарылдыгын белгилешкен жана Москвага эгер орус президенти Владимир Путин мындай сунуштан баш тарта турган болсо жаңы жапырт санкциялар жарыяланарын эскертишкен.
11-майда Путин Украинадагы согушта 30 күндүк тыныгуу жарыялоо тууралуу сунушка макул болбой, анын ордуна Киев менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү, мындай жолугушууну, балким, 15-майда Стамбулда өткөрсө болорун сунуш кылды. (RK)
Шерине