Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:41

Пакистан Индияга каршы аскердик операция баштаганын жарыялады


10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы «Баньян ун Марсус» (арабчадан которгондо «Бекем чеп») деп аталган чоң аскердик операция баштаганын жарыялап, муну "агрессияга жооп" деп мүнөздөдү.

Бул жарыя Пакистандын армиясынын расмий өкүлү, генерал Ахмад Шариф Чоудри Индияны пакистандык аба базаларына, анын ичинде Исламабаддан 10 чакырым алыстыктагы Равалпиндиде жайгашкан Нур Хан базасына ракеталык чабуул койду деп айыптагандан бир сааттан кийин жасалды. Нур Хан базасы өлкөнүн аскердик командачылыгын штаб-үйү болуп саналат.

Чоудри "коргонуу максатында агрессияга чукул арада жооп кайтарыларын, Индиянын ракеталарынын көбү абадан коргонуу системасы менен жок кылынганын, өлкөнүн аба күчтөрүнүн объектилери зыян тартпаганын" айткан.

Исламабад 9-майда Индиянын ракеталары Пакистандын ар кайсы аймактарына кулаганын билдирген.

«Баньян ун Марсус» операциясынын алкагында Исламабад Индиянын аймагындагы көп сандаган стратегиялык жайларды бутага алууну көздөп жатканын пакистандык Geo TV каналы коопсуздук кызматындагы булактарына таянып кабарлады.

Эки коңшунун соңку тиреши быйыл апрелде Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү кол салуудан кийин курчуп кетти. 26 киши өлгөн окуядан кийин Индия Пакистанды туристтерге кол салган согушкерлерди колдойт деп айыптаган.

Пакистан муну четке каккан. Эки жумадан кийин, 7-майга оогон түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, "Синдур" деп аталган кампаниясынын алкагында тогуз жайды бутага алганын жарыялады.

Пакистан 26 киши каза таап, 46 адам жараат алганын билдирип, соккуну "согуштук аракет" деп атады жана Индияга жооп кайтарууну убада кылган.

Кийинчерээк Дели Пакистандын армиясы Кашмирде Индия тарапты аткылаганын, анын натыйжасында жети киши өлүп, 30у жараат алганын маалымдады.

Акыркы конфликт башталгандан бери эки тарапта каза болгондор 50гө чукулдады. Коопсуздукка байланыштуу 200дөн ашуун аба каттамдары жана 18 аэропорт ишин убактылуу токтотуп, эл аралык рейстер жылды. (NT)


Шерине

XS
SM
MD
LG