Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында автоунаа сүзүп кеткен эки кыргыз жараны №7 шаардык ооруканасында дарылануусун улантып жатышканын жана абалы туруктуу экенин блдирди. Буга чейин бир бейтаптын абалы оор экени кабарланган.
“Ардактуу консулдуктун маалыматы боюнча, университет Кыргызстандын жарандарынын (студенттер) дарылануусуна акча бөлгөн жана Хабаровск крайындагы мекендештер каражат чогултуп, колдоо көрсөтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
25-апрелде Комсомольск-на-Амуре шаарында автоунаа Кыргызстандын 21 жаштагы эки жаранын сүзүп кеткен. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, кыргызстандык студенттердин дарылануусуна кеткен чыгымды айдоочуга төлөтүү аракети көрүлүп жатат.
Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ушул жылдын алгачкы үч айында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Орусиянын аймагында каза болгон 18 жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн кабарлады. (BTo)
Шерине