2-майда президент Садыр Жапаров Өзбекстандан Ысык-Көлгө алынып келген жейрендер багылып жаткан жерге барып, “Жейрен-Ордо” долбоору менен таанышты.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ушул тапта 43 баш жейрен багылып, жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалып жатат. Быйыл 25 баш жейрен - биринчи 12 эркек, ал эми адаптация болгондон кийин 13 ургаачы жейрен улактары менен биринчи жолу жапайы жаратылышка коё берилет. Ушул тапта алар жарым-жартылай эркин шартта багылууда.
Келечекте долбоордун уюштуруучулары жыл сайын 15–20 баштан чыгарууну максат кылып жатышканын айтышты. Браконьерликке каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлсө, долбоор 10 жылдын ичинде аймактагы жейрендердин санын 500гө чейин көбөйтүү мүмкүн деп эсептешет.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарга, өзгөчө Ысык-Көл облусунун тургундарына кайрылып, “Кызыл китепке” кирген сейрек кездешүүчү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин биргелешип колдоого чакырды.
2021-жылы Өзбекстандан 15 жейрен алып келинип, Ысык-Көлдүн тескей жээгиндеги атайын жайда багыла баштаган. Кыргызстанда “Кызыл китепке” киргизилген бул жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Жейрендер Кыргызстандан тышкары Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда жана Иранда бар.
2019-жылы Кыргызстан Казакстандан да жейрен сураган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандан 50 баш жейрен алуу тууралуу протоколго кол коюлганын маалымдаган.
Жейрен өтө сак, көзү курч жана сак кулак келет. Улагын 5,5-6 айга жакын көтөрүп, апрелдин аягынан тартып июлдун башына чейин төлдөйт. Жейрен улагын үч айга жакын, кечирээк туулганын күзгө чейин эмизет. Жейрендин жашоо-шартына өзгөчө Ысык-Көлдүн Тоң району туура келет. (BTo)
Шерине