Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы “Нелегал” аталышындагы алдын алуу иш-чараларанын жүрүшүндө Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды алып келип жумушка орноштурууда 800гө жакын мыйзам бузуулар аныкталып, 3 миллион 615 миң 500 сомго административдик протокол түзүлгөн билдирди.
Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталганын кабарлаган.
Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.
Министрлер кабинети 2024-жылга чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.
Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат. (BTo)
Шерине