Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:19

Ватиканды өзгөрткөн Хорхе. Рим папасы Франциск дүйнөдөн кайтты


Аргентиналык Хорхе Марио Бергольо 2013-жылдын 13-мартында Рим папасы болуп шайланып, ысымын Ассизилик Ыйык Францисктин урматына өзгөрткөн.
Аргентиналык Хорхе Марио Бергольо 2013-жылдын 13-мартында Рим папасы болуп шайланып, ысымын Ассизилик Ыйык Францисктин урматына өзгөрткөн.

Рим папасы Франциск (чыныгы ысымы Хорхе Марио Бергольо) 21-апрелде 88 жаш курагында Ватикандагы резиденциясы - Каса-Санта-Мартада көз жумду. Ал соңку айларда эки өпкөсү кагынып, дарыланып жүргөн.

Рим папасы Францисктин дүйнөдөн кайтканын 21-апрелде Ватикандын расмий өкүлдөрү угузушту.

“Урматуу агайын-туугандар, терең кайгыруу менен биздин ыйык атабыз Францисктин дүйнөдөн кайтканын билдирүүгө аргасызмын. Бүгүн эртең мененки саат 7:35те Рим епискобу Франциск кудайдын үйүнө кайтып кетти. Анын бүт өмүрү кудайга жана анын чиркөөсүнө кызмат кылууга арналган болчу. Ал бизге Инжилдин баалуулуктарын берилүү, кайраттуулук жана бардык адамдарды, айрыкча жакырлар менен четке кагылгандарды сүйүү менен жашаганды үйрөттү”, -деди Ватикандын расмий өкүлү (камерленго) Кардинал Кевин Феррелл.

Рим-католик чиркөөсүнүн 266-папасы Франциск көз жумарына бир күн калганда ыйык Пасха майрамынын урматына эл алдына чыгып, кыска куттуктоо сөзүн арнаган. Ошол эле күнү эртең менен ал Ватиканда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен жабык жолугушуу өткөргөн.

“Папа Францисктин дүйнөдөн өткөнүн жаңы уктум. Жүрөгүм аны сүйгөн дүйнө жүзүндөгү миллиондогон христиандар менен. Кечээ аны көргөнүмө сүйүнөм, ден соолугу начар экени билинип турду. Ал менин эсимде COVID пандемиясы жаңы башталганда айткан тааты менен калат. Анда чындап эле абдан таасирдүү сөздөр айтылган. Кудай жанына жай берсин”, - деп жазды Американын вице-президенти X социалдык түйүнүнө.

Папа Франциск Ватиканда балдар менен баарлашып жатат. 13-декабрь, 2023-жыл.
Папа Франциск Ватиканда балдар менен баарлашып жатат. 13-декабрь, 2023-жыл.

Аргентиналык Хорхе Марио Бергольо 2013-жылдын 13-мартында Рим папасы болуп шайланып, ысымын Ассизилик Ыйык Францисктин урматына өзгөрткөн. Анын дайындалышы күтүүсүз болгон, анткени жакырларга камкордугу менен таанылган дин кызматкерге көбү ишеним арткан эмес. Франциск Латын Америкасынан чыккан биринчи папа жана акыркы миң жылдан бери Европадан тышта төрөлгөн биринчи понтифик болуп калды.

Италиядан келген мигранттардын уулу Бергольо жаш кезинде химия жаатында техник болуп эмгектенген. Кийин чиркөөгө кошулуп, 1998-жылы Буэнос-Айрестин архиепискобу болуп дайындалган.

Дүйнө лидерлеринин көңүл айтуусу

Дүйнө жүзүнөн Рим папасы Францисктин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүлөрү агылып жатат.

Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Францисктин дүйнө салышын "улуу адамдан, улуу рухий жол башчыдан айрылуу" катары мүнөздөп, бул кабар терең кайгыга салганын кошумчалады.

"Мен анын достугуна, акыл-насаатына, жана оор сыноолор учурунда да токтобогон таалим-тарбиясына ээ болуу бактысына жеткем", — деди Мелони өз билдирүүсүндө.

Понтификтин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсүн Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен да жазды.

"Папа Францисктин көз жумушун дүйнө аза күтүп кабыл алды. Ал жөнөкөйлүгү жана жарды, муктаж адамдарга болгон таза сүйүүсү менен католик чиркөөсүнөн алыс жашаган миллиондогон адамдарга дем берген," — деп белгиледи ал. Еврокомиссиянын президентинин бул сөздөрүнө Франциянын президенти Эммануэл Макрон дагы кошулду.

Дүйнө лидерлери Рим папасы Франциск менен көрүшүп жатышат. Италия. 14-июнь, 2024-жыл.
Дүйнө лидерлери Рим папасы Франциск менен көрүшүп жатышат. Италия. 14-июнь, 2024-жыл.

"Ал эң алсыздар менен эң муктаждардын жанында турган, карапайымдуулуктун символу болгон адам эле", — деп жазды Макрон. Ал эми Германиянын жаңы шайланган канцлери Фридрих Мерц: "Папа Франциск коомдогу эң алсыз катмарлар үчүн токтобой күрөшкөнү менен эл эсинде калат," — деп эскерди.

Москва патриархаты папа Франциск Орусиянын православ чиркөөсү менен Рим-католик чиркөөсүнүн ортосундагы байланышты өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойногонун белгиледи. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү папанын дүйнөдөн кайтканын кайгыруу менен кабыл алганын билдирип,"дүйнөдөгү бардык христиандарга" көңүл айтты.

Франциск: Оор жана уят иш

Папа Франциск акыркы "Angelus" кайрылуусун эл алдында эмес, жазуу түрүндө тараткан. Анда Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып киришинин үч жылдыгына карата согуштун башталганын "адамзат үчүн оор жана уят күн" деп атаган.

Рим папасы украин элинин кайгысын жүрөгү менен түшүнгөнү менен, анын буга чейинки айрым билдирүүлөрүн дайыма эле Киев жакшы кабыл алган эмес. Айрыкча 2024-жылдын март айында Украинаны "ак байрак көтөрүп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кирүүгө" чакырганы катуу сынга кабылган. Кийинчерээк ал: "Тынчтыктын биринчи шарты - Орусиянын агрессияны токтотуусу" деп айткан. Бирок мурдараак Орусияны түз айыптоодон качканы айрым нааразычылыктарды жараткан.

Рим папасы Франциск жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 11-октябрь, 2024-жыл.
Рим папасы Франциск жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 11-октябрь, 2024-жыл.

Папанын мурасы

2015-жылы папа Франциск “Laudato si’” аттуу энцикликасын (папанын маанилүү социалдык-саясий, диний жана адеп-ахлактык маселелер боюнча жарыялаган негизги документтеринин бири) жарыялап, климаттык өзгөрүүлөргө каршы чогуу аракеттенүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого чакырган.

Ошондой эле дин аралык диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. 2019-жылы ал Египеттеги Аль-Азхар университетинин башкы имамы Ахмед әл-Тайеб менен “Адамзат бир туугандыгы жөнүндө” документке кол коюп, диндер аралык тынчтык жана ынтымакта жашоону илгерилеткен маанилүү кадам жасаган.

Папа Франциск жөрөлгөгө эмес, адамдарга багытталган пастордук ыкмасы менен белгилүү болгон. Ал "жакырлар үчүн жакыр чиркөө" идеясын колдоп, коомдон бөлүнүп калгандарга кол сунган.

Андан тышкары Ватикандын каржылык системасын реформалоо жана чиркөөдөгү сексуалдык зомбулуктар боюнча маселелерди чечүү аракетин көргөн.

2025-жылы ал “Үмүт” аттуу өмүр баянын жарыялап, өзүнүн өмүр жолу жана папалык миссиясы тууралуу ой бөлүшкөн.

Египеттеги Аль-Азхар университетинин баш имамы Ахмед әл-Тайеб жана Рим папасы Франциск. 23-май, 2016-жыл.
Египеттеги Аль-Азхар университетинин баш имамы Ахмед әл-Тайеб жана Рим папасы Франциск. 23-май, 2016-жыл.

Саламаттыгы жана өмүрүнүн акыркы күндөрү

Папа Францисктин ден соолугу акыркы жылдары начарлап кеткен. 2021-2023-жылдары ичеги-карын оорусунан улам эки ирет операция болгон. Тизеси жана бели ооруп, көп учурда араба колдонгон.

Буга карабай эл аралык сапарларды уланткан.

2025-жылдын башында инфекциядан улам анын эки өпкөсү тең кагынганы белгилүү болгон.

Абалы бир топко чейин оор болуп, бир айдан ашуун ооруканада жаткан. 23-мартта үйүнө чыгарылган эле.

Президент Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугушту. Ватикан. 4-октябрь, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугушту. Ватикан. 4-октябрь, 2024-жыл.

Садыр Жапаров менен жолугушуусу

Былтыр 4-октябрда Ватикандагы сапарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Франциск менен жолугушкан. Анда мамлекет башчы Рим папасынын дүйнөнүн булуң-бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке салымын белгилеген.
Ал ошондой эле понтификти анын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган эле.
Папа Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG