Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

NYT: АКШ Израилдин Иранга ура турган соккусун бөгөттөдү


АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин ирандык өндүрүшүнө сокку уруу планын бөгөттөдү. Муну менен ал өзөктүк программаны чектей турган жаңы макулдашуу үчүн Тегеран менен сүйлөшүүгө басым жасарын көрсөттү.

Бул тууралуу The New York Times америкалык администрациянын өкүлдөрүнө жана башка булактарга таянып билдирди.

Басылманын маалыматында, Израил чабуулдун планын өткөн жылы май айында эле иштеп чыккан. Операциянын негизги максаты ирандык өзөктүк программаны аз дегенде бир жылга токтотуу эле. Аны ишке ашыруу үчүн Израил Кошмо Штаттардан аскердик да, Иран тараптан болчу ыктымал жообунан коргоосун да күтүп жаткан.

Бир канча айлык талкуудан кийин Трамптын администрациясы аскердик сценарийден баш тартып Иран менен сүйлөшүүгө басым кылууну чечти.

Америка-Иран сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы өткөн ишембиде Оманда өткөн. Эки тараптын тең өкүлү жолугушууну "позитивдүү" жана "конструктивдүү" деп мүнөздөдү.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы кийинки ишембиге пландалууда. Ишенимдүү булактын маалыматында, жолугушуу Римде өтөт.

The Wall Street Journal гезитинин булактары иран тарап Тегерандын чет жактагы миллиарддаган долларынын эсебин ачууну жана Ирандын мунайын сатып алган кытайлык кардарларга басымды токтотууну талап кылууда. Иран анын ордуна 2015-жылдагы келишимге ылайык, уранды байытуудагы параметрлерге кайтууга даяр.

Америкалык чалгын кызматы Иран бир нече ай ичинде өзөктүк курал жасашы мүмкүн деп боолгойт. Дональд Трамп Тегерандын өзөктүк арсеналга ээ болушуна жол бербесин белгилеп келет. Axios басылмасынын маалыматында, Трамп Иранга жаңы өзөктүк келишимге жетишүүгө эки ай берген. Эң урунттуу талабы Иранды аскердик өзөктүк программадан толук баш тарттыруу болууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG