Ош шаарындагы Ак-Тилек конушунун тургуну, 38 жаштагы аялдын киши колдуу болгону тууралуу маалымат 14-апрелде милицияга түшкөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, аял муунтуп өлтүрүлгөнүн аныкташкан.
ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, тергөө тобу аялды үйүнө уурулук кылуу максатында кирген адам муунтуп өлтүрүп, автоунаасын айдап кеткен. Шектүү мурда маркумдун үйүн ижарага алып, жашап жүргөн.
Бул кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 19 жаштагы тургуну кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланып жатат.
Учурда анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.(ZKo)
Дагы караңыз
Шерине