1-январдан 31-мартка чейинки аралыкта Бишкекте муниципалдык автобустар катышкан 158 кырсык катталды. Коомдук транспорттун катышы менен кырсыктар былтыркы ушул убактагы жол кырсыктарынан 15% көбөйгөн. Жол кырсыктарына негизинен автобус айдоочулар тарабынан жол эрежелеринин бузулушу себеп экени айтылды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 14-апрелде маалымдады.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мурдараак январь, февраль айларында Бишкектеги коомдук транспорттун катышуусундагы 34 жол кырсыгынан бир адам каза болуп, дагы 50 киши ар кандай жаракат алганын мурдараак кабарлаган.
"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жол кыймылынын көзөмөлдөө органдары жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкектеги филиалынын катышуусу менен айдоочулардын маданиятын жогорулатуу максатында атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Анда автоунааларды камсыздандыруу, ал үчүн тийиштүү документтерди чогултуу боюнча түшүндүрмө берилип, жол кырсыктарын болтурбоого сунуштар айтылды. Мындан тышкары айдоочуларга тийиштүү адиске суроо берип, жооп алуу мүмкүнчүлүгү берилди.
“Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасынын маалыматында, муниципалитеттин балансында 1 407 автобус бар. Шаар боюнча жалпысынан 58 каттамдык линия тейленип, күнүгө 1 200 автобус жолго чыгат. Мекеме 2024-жылы 538 автобустун айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” киргизилгенин билдирген. (ZKo)
Шерине