Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Кыргызстандын жети жараны Мьянмада кулчулуктан бошотулуп, 11-апрелде Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 14-апрелдеги жыйынында “Женева шаарында кабыл алынган иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктери жөнүндө № 181 конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда айтты.
“Социалдык тармактардан окуп чыктым. Биздин жарандардан тышкары Казакстандын, Өзбекстандын да жарандары бар экен”, - деди ал.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонбекова бул тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.
Чыңгыз Ажибаев Кыргызстанда чет өлкөдө жумушка орноштурууну убада кылып, бирок шылуундук менен алектенген агенттиктер көп экенин кошумчалап, аларга чара көрүүгө чакырды. (BTo)
Шерине