Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Президенттик шайлоону январь айында өткөрүү сунушталды


Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири.
Кыргызстанда өткөн шайлоолордун бири.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүү сунушун берди. Шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентке түштү.

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” азыр иштеп жаткан конституциялык мыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде болот.

2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.

Президенттик шайлоо өткөн учурда мурдагы Конституция иштеп турган. Ал Баш мыйзамда “президент алты жылга бир эле мөөнөткө шайлана алат” деп жазылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылдын аягында “Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы беш жылдан эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин койгонго укугу бар” деп эсептей турганын билдирген.

2024-жылдын башында Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчы кийинки президенттик шайлоого катыша турганын айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG