Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен байланышы бар жана Кыргызстанда жапырт баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында жапырт баш аламандыктарды, нааразылык акцияларды өткөрүүгө дардык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 47 жаштагы тургуну (С.Ф.) кармалды. Андан тышкары Ош облусунун Кара-Суу районунун 27 жаштагы (М.О. аял киши) жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага “кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каражатты легалдаштырууга, банктык операцияларды жүргүзүүгө жардам берген жана Тилекмат Кудайберген уулунун, башка адамдардын чагымчыл видеолорун социалдык тармактарда фейк аккаунттар менен жайылткан” деген айып тагылууда.
Активист жана кармалган шектүүлөрдүн адвокаттары, жакындары комментарий бере элек.
Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келет. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан.
Ушул окуядан бери Дубайда жашап жаткан. 13-апрелде анын жубайы Фейсбуктагы баракчасына жолдошу дайынсыз болуп жатканын жазды.
Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан. (BTo)
Шерине