Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:00

Министрлик картөшкөнү көп айдабоону сунуштады


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги быйыл картөшкөнү көп айдабоону сунуштады.

Аталган министрликтин билдиришинче, быйыл картөшкө 4,5 миң гектарга отургузулган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көбүрөөк.

"ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картөшкөгө муктаждык жогору болгондуктан баа көтөрүлдү. Быйыл бул жагдайды эске алып, ЕАЭБ жана коңшу өлкөлөрдө картөшкө эгилген аянттар көбөйүшү мүмкүн. Ар жыл сайын өзгөрүп турган базар экономикасынын талаптарына ылайык, коңшу өлкөлөрдөгү жагдайга көңүл буруу абзел", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик дыйкандарды алдыңкы инновациялык технологияларды колдонуу менен түшүмдүүлүктү жогорулатууга чакырды.

2024-жылы картөшкө 66,4 миң гектарга отургузулуп, түшүмдүүлүк 178,7 центнерди, дүң жыйым 1 млн 190 миң 200 тоннаны түзгөн.

2024-жылдын соңунан тартып Кыргызстанда картөшкө кескин кымбаттап, базардагы баасы 60-70 сомго чейин чыгып кеткен. Адистер буга негизги эки себеп - түшүмдүн жылдагыдан азыраак жыйналышы жана коңшу өлкөлөргө экспорт эки эсе көбөйүшү түрткү болгонун белгилешкен.

Министрлик бааны ортомчулар көтөрүп жатканын билдирген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан былтыр Өзбекстан менен Казакстанга жылдагыдан эки эсе көп картөшкө экспорттогон. Өзбекстанга 57,8 миң тонна, Казакстанга 9,4 миң тонна сатылган.

Баа кымбат болгону үчүн Кыргызстандын базарларында Иран менен Кытайдан келген картошка сатыла баштаган. Мунун айынан Ысык-Көл облусундагы ишкерлер кампасында жыйылган картөшкө өтпөй, чирип жатканына даттанышкан. (ST)


Шерине

XS
SM
MD
LG