Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:37

Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин ишин кайра каралууга жатат деп тапты


Курманбек Бакиев бийликтен кулатылып, кичи мекенине барган кезде. Жалал-Абад шаары. 10-апрель, 2010-жыл.
Курманбек Бакиев бийликтен кулатылып, кичи мекенине барган кезде. Жалал-Абад шаары. 10-апрель, 2010-жыл.

Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун өтүнүчүн карап, чечимин чыгарды.

Консоттун сайтына 11-апрелде жарыяланган маалыматка ылайык, сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.

"Мындай укуктук жөнгө салуу укуктук мамлекеттин принциптерине берилгендикти, адилеттүү сот өндүрүшүнө болгон кепилдикти көрсөтөт жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле көпчүлүк демократиялык мамлекеттердеги туруктуу практикага толугу менен ылайык келет", - деп белгиленген маалыматта.

2024-жылдын декабрында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жети беренеси, тагыраагы, мурдагы президентти сыртынан соттоого шарт түзгөн нормалардын Баш мыйзамга шайкештигин текшерүүнү суранган.

Адвокат өз жүйөсүндө айыпталуучу жок болсо тергөө иштери анын жүргөн жери аныкталганга чейин токтотулуп турарын белгилеп, ал эми Бакиевдин ишинде ал катышпаса деле иш сотко өтүп, айыптоо өкүмү чыгып калганын мыйзамсыз деп билдирген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.


“Апрель окуялары” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.

Соңку жылдары өлкөдө Бакиев боюнча маселе утур көтөрүлүүдө. Президент Садыр Жапаров 11-мартта Беларус “Курманбек Бакиевди камабасаңар өткөрүп берели” деп жатат” деген. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG