Президенттин иш башкармалыгы мөңгүлөрдүн эришин жайлатуу жана экологиялык кризистин алдын алуу үчүн 7 млрд дарак отургузуу демилгесин көтөрдү.
Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда акыркы жылдары мөңгүлөр тездик менен эрип, айрымдары жок болуп кеткен.
Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Раимбеков Фейсбук баракчасына көйгөйдү чечүү үчүн республика боюнча 7 млрд дарак отургузуу керек экенин жазды.
"Кыргызстан - мөңгүлөрдүн 40% жайгашкан Азиянын жүрөгү. Окумуштуулар мурда жүз жылга жетет деп эсептелген мөңгүлөр алдыдагы 35 жылда толук жок болуп кетиши мүмкүн экенин айтууда. Миллиондогон адамдарды ичүүчү жана сугат суу менен камсыздаган мөңгүлөрдүн жок болуп кетиши өлкөнүн суу коопсуздугуна коркунуч жаратып, айыл чарбага олуттуу зыян келтирет", - деген Раимбеков.
Ал билдирүүсүндө 40 жылда 66 млрд тал-терек өстүрүп, чөлдү жашылдандырган Кытайды мисалга тарткан.
4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн “Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумунда президент Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн абалы тууралуу айткан.
Мамлекет башчы акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% азайганын, 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгилеген.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөөдө дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жатканы кабарланган.
Кыргызстанда жылдык орточо температура 1960-2023-жылдар аралыгында 1,2 °C ысыган. Дүйнөлүк көрсөткүч 0,6 °C.
Кыргызстандагы "Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын" алкагында 2022-жылы "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталган. Ага ылайык, 2030-жылга чейин өлкөдө 90 млн көчөт тигүү планы айтылган.
Ошол эле маалда быйыл Бишкекте жана Ошто жолду кеңейтүү үчүн бир катар бак-дарактар кыйылды. (ST)
Шерине