"Жылыбаган машинеде жашап жатабыз"
"Мына 9400 евро, бул кесиптешимдики 12 миң 200 евро, мунуку 36 миң евро. Ал жети жылдан бери иштейт. Бул 2,5 жылдан бери иштейт. Аныкы 18 миң евро".
Түндүк Батыш Европада иш таштаган айдоочулар компания канча бересе экенин унааларынын маңдайына жазып алышкан.
Нидерланддагы Венло шаарында фурасын жүгү менен токтотуп койгон кыргызстандык үч айдоочунун бири Кудайберди Тентиев. Ал эки жыл мурун Литвадагы логистикалык компанияга ишке орношкон. Компания бул аралыкта майда кырсыктан тарта, күйүүчү майга кеткен чыгымдарды, иштөө тартибинин жана башка эрежелердин бузулушун жүйө кылып, айлыгынан 9300 еврону кармап калганын айтып берди.
"Биринчи каденциядан баштап эле окууга деп 1400 евро акчабызды кармап алды. Айып пул деп дагы кармап алды. Экинчи каденциядан кайтып келгенибизде силердин келишим боюнча экиге бөлүп алмакпыз деп, дагы 600 евро окууга деп кармашты. Айтор, ар бир каденциядан кайтып келгенде ала беришет. Эки жылдан бери ушинтип иштеп жададык. “Бир жыл мурунку силердин бир боксуңар иштебей калыптыр, ага 1800 евро чыгым” дейт. Бизде мындан башка жол калган жок. Анан профсоюзга келдик. Акыркы үмүтүбүз ушул болду".
Унаа токтотуучу жайда же паркингдде Кудайберди Тентиев менен кошо дагы үч айдоочу нааразылык билдирип турат. Үчөө Кыргызстандын, бирөө Өзбекстандын жараны.
Алардын айрымдарынын бул жерде турганына эки айга чукулдаган. Венло шаарына 16-февралда келгенин айткан Тентиев бир айга чукул жылыбаган машиненин ичинде жашап турууга мажбур.
"Мына ушул жерде жатабыз. Түнкүсүн -3 градус суук болду. Азыр -1 экен. Бүгүн газ баллон да түгөнүп калыптыр. Мен 16-февралда токтогом. Бул кесиптешим 21-февралда токтоду. Бул 5-февралда. Бардыгыбыздын унаабызда жылуулукту өчүрүп салган. Машинабыз да жүрбөйт, жылуулук жок" деди айдоочу.
Бул окуяны Нидерланддагы Road Transport Due Diligence Foundation уюму иликтеп жатканы белгилүү болду.
Чөлкөмдөгү айдоочулардын иш шарттарына мониторинг жүргүзгөн бул уюм литвалык компаниялардын өкүлдөрү айдоочуларга басым көрсөтүү максатында жүк ташуучу машинелердин кыймылдаткычтарын бөгөттөп койгонун билдирди.
Ушундан улам айдоочулар электр жарыгы жана жылуулугу жок машинеде күн кечирүүгө аргасыз экенин уюмдун өкүлү Эдвин Атема билдирди.
"Биз кырдаалды иликтеп көрдүк. Учурда айдоочуларга биздин кошуун жардам көрсөтүп жатат. Айдоочулар өз унааларында бир нече айлап жашап жатат. Иш берүүчүлөрдүн айлык төлөп берүү шарттары түшүнүксүз. Айдоочулардын айтымында, компаниялар аларга акча төлөөнүн жол-жобосун толук чечмелеген документтерин жөнөтүүдөн баш тарткан. Биз Европанын ондогон унаа токтоочу жайларында ушундай көрүнүштөрдү көрүп жатабыз. Бул жакта мындай жагдайлар адам укуктарын бузуу деп эсептелинет. Алардын кийинки тагдыры тууралуу айта турган болсок, азыр алар кошуундан жардам алышат. Алардын укуктарын коргогон жактоочуну жалдап беребиз. Тилекке каршы, айдоочулардын укугун бузган мындай учурлар көбөйдү".
Литвада орто эсеп менен эл аралык каттамга чыккан айдоочуларга маршрутка жана аралыкка жараша күнүнө 60 евродон 80 еврого чейин же айына 2000 евродон жогору айлык төлөнөт. Адатта, бир каденция 2 же 3 айга созулат. Башкача айтканда, айдоочу ушунча убакыт машине айдап, айлыгын ар каденцияда бир жолу колуна алат.
“Азаттык” менен сүйлөшкөн үч айдоочу литвалык Baltic Transline деген компанияда иштешет. Алар ишкананын өкүлдөрү басым көрсөткөн учурлар болгонун да айтышты.
"Бизге Өзбекстан, Кыргызстан тараптан да чыгып, үй-бүлөңөр барбы деп коркутуулар болуп жатат. Алар Литвага машинени айдап алып барып бергиле дешти. Компаниянын өкүлдөрү силер “Литвага келсеңер камаласыңар” деп жатса, биз кантип барабыз?", - деди айдоочу Кудайберди Тентиев.
Baltic Transline компаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, ишкана Литванын жүк ташуу рыногунда 2000-жылдан бери иштеп келет. Бул аралыкта компанияда 3275 айдоочу иштегени көрсөтүлгөн. Компаниянын сайтында мына ушундай билдирүүнү көрүүгө болот.
Baltic Transline компаниясынын башкы директору Миндаугас Вясялис буларды айткан:
"Биздеги негизги ресурс - адамдар. Ошондуктан өз ара урмат-сый, баарлашуу, түшүнүү жана кызматкерлер үчүн ишкананын баалуулугун жогорулатуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ".
“Азаттык” компаниянын башкы директору менен бир нече жолу байланышууга аракет кылды. Бир жолу ал биздин телефонго жооп берип, бир күндөн кийин байланышууга убада берди.
Эртеси башкы директорго бир нече жолу телефон чалып, жооп ала алган жокпуз. Биз мындан улам суроолорубузду кат иретинде компаниянын дарегине жолдодук. Литвадагы ишкана "комментарий бербейбиз" деген таризде жооп жолдоду:
"Baltic Transline компаниясы эмгек мамилелерин жөнгө салууда ченемдик укуктук актыларга таянат, ошондуктан эмгек шарттарына, айлык акыга жана эмгек мамилелеринин башка аспектилерине тиешелүү бардык маселелер мыйзамдык актыларга жана ички тартипке ылайык чечилет. Айлык акы тууралуу маалымат айтылбайт. Биз кызматкерлерибиздин купуялуулугун сыйлайбыз жана тиешелүү мыйзамдарга ылайык, жеке маалыматтарды коргойбуз. Суроолоруңуз үчүн рахмат, бирок биз азыр комментарий бербейбиз".
Узак сапарга чыккан айдоочулар арасында катаал шартта иштегендери, укугу одоно бузулгандар тууралуу маселе буга чейин да көтөрүлүп келген. Алардын айрымдары “Азаттыкка” да арыз-муңун айтып беришкен.
Ал эми борборазиялык төрт айдоочу Нидерландда дагы канчага чейин акциясын улантары азырынча белгисиз. Алар компания өз шарттарын аткарганда гана нааразылыгын токтоторун Кудайберди Тентиев айтты:
"Ушул акчаны берсеңер биз ыраазыбыз, кетебиз деп айтабыз. Эгер бербей турган болсо сотко чейин барабыз. Суточный, командировочный, кабинада жашаганыбыз, муздакта, суукта жатып оорудук. Белибиз ооруп атат, тишибиз ооруп атат. Ушулардын баарына сот аркылуу кенемте пул талап кылабыз".
Айдоочулардын нааразылык акциясы тууралуу Нидерланддын же Литванын расмий органдарынан маалымат алууга мүмкүн боло элек.
Литванын мыйзамдарына ылайык, айдоочу жумуштан кеткенден кийин үч айдын ичинде гана укугун коргоо үчүн арыз менен тиешелүү органдарга кайрыла алат. Андай сотко кайрылуулардын саны жана чечимдери тууралуу так расмий маалымат жок.
Логистикалык тармак же жүк ташуу Литванын экономикасынын негизги бөлүгүн түзөт. 2023-жылдагы расмий маалыматка ылайык, Балтика боюндагы бул өлкөдө 500дөн ашык ири, чакан логистикалык жана транспорттук компаниялар катталган.
2022-жылы Литвада жүк ташыган айдоочулардын саны 80 миңден ашкан. Алардын 80 пайызы чет элдиктер. Көбү Украина, Беларус жана Борбор Азиядан келгендер.
Шерине