Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Кривой Рогдо Орусиянын чабуулунан төрт адам мүрт кетти, ондогон адам жараат алды


Орусия Кривой Рогго жасаган чабуулдарынын биринин кесепети. Архив.
Орусия Кривой Рогго жасаган чабуулдарынын биринин кесепети. Архив.

Орусия 5-марттын кечинде Украинанын Кривой Рог шаарына урган ракеталык соккудан, баштапкы маалымат боюнча, эки адам мүрт кетип, 29 киши жарадар болгону кабарланган. Ракета тийген имараттан өрт чыккан.

Соңку маалымат боюнча, каза тапкандардын саны төрткө жетти, жараат алгандар 31 киши болууда.

Калаанын коргонуу кеңешинин башчысы Александр Вилкул жаракат алгандардын арасында балдар бар экенин, 20 адамдын абалы оор деп бааланып жатканын билдирди.

Ракета “Центральный” деп аталган мейманкананын имаратына тийип, ал катуу жабыркаган. Куткаруу иштери улантылып жатат.

Харьковдо дрон көп кабаттуу үйгө тийип, эки киши жабыркаган.

Орусия Украинага согуш ачканына быйыл 24-февралда туура үч жыл болду. Бул убакыт ичинде көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет.

Ошол эле маалда Орусиянын аймагы да утур-утур дрон чабуулуна кабылып турат. Кремль кол салууну Киевден көрөт. Украин бийлиги айрым учурда гана жоопкерчилик албаса, негизинен комментарий бербейт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG