АКШ президенти Дональд Трамп 5-мартта (АКШда 4-март) Конгресстеги кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленскийден ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдыгын билдиргени тууралуу кат алганын айтты. Ошондой эле Трамп Украина кен байлыктар боюнча келишимге каалаган убакта кол коюуга даяр экенин кошумчалады.
"Мен украин президенти Владимир Зеленскийден маанилүү кат алдым. Катта: "Украина бекем тынчтыкты жакындатыш үчүн сүйлөшүүнү болушунча тезирээк жүргүзүүгө даяр. Тынчтыкты украиндерден артык каалап жаткан эч ким жок" деди ал", — деп билдирди Трамп.
АКШ президенти ар апта сайын согушта 2000 кишинин — жаш орусиялыктардын жана жаш украиндердин өмүрү кыйылып жатканын айтты.
"Мен мындайдын токтошун каалайм", — деп ал Кошмо Штаттар "балким, 350 миллиард доллар" коротконун, ал эми Европа болгону 100 миллиард доллар бөлгөнүн кошумчалады.
Трамп Зеленский менен кайым айтышуусу тууралуу эч нерсе айткан жок, болгону "Биз аны менен жакшы мамиледебиз, ар нерсе боло берет да", — деп гана билдирди.
Кошмо Штаттардын президентинин айтымында, Ак үй "Орусия менен да олуттуу сүйлөшүү жүргүзүүдө". "Биз алар тынчтыкка даяр экени тууралуу күчтүү сигналдарды алдык", — деди Трамп.
4-мартта АКШ президенти Украинага бардык аскердик жардамды убактылуу токтоткону кабарланган. Администрация бул тууралуу расмий билдирүү таратпаганы менен, бир катар медиа жогорку даражалуу аткаминерлерге таянып жазышкан.
28-февралда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон. Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашкан.
Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына "ыраазы болбой" жатканын айтышкан. Украин президенти Ак үйдөн чыгып кетип, эч кандай документке кол коюлган эмес, эки лидердин пландалган биргелешкен пресс-конференциясы да өтпөй калган. Бул күнү эки өлкө Украинанын кен байлыктары боюнча келишимге кол коюшмак.
Америкалык тарап демилгелеген келишимдин долбоору кандай экени расмий түрдө так айтыла элек. Маалыматтарга караганда, бул документке кол коюлса АКШ Украинанын айрым минералдык ресурстарын, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарын казууга мүмкүнчүлүк алат. Бул, Трамп талап кылып жаткандай, Украинанын буга чейин алган аскердик жардамынын акысы жана келечектеги тынчтыгынын кепилдиги болот. Зеленский келишимдин баштапкы долбооруна макул болбой, кол коюудан баш тартып койгон. Кийинки долбооруна макул болуп, 28-февралда кол коюу үчүн Вашингтонго барган.
Зеленский 2-марттагы кечки видео кайрылуусунда "Албетте, биз Америка Кошмо Штаттарынын маанисин түшүнөбүз жана алган бардык колдоо үчүн ыраазыбыз" деп айткан. Ал ошондой эле Лондондо журналисттердин суроолоруна жооп берип, керек болсо Ак үйгө кайра барууга даяр экенин билдирген.
Шерине