АКШда жана Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС радикал тобу барымтага алынган дагы алты адамды 22-февралда Кызыл Чырым уюмунун кызматкерлерине өткөрүп берди. Бул тууралуу Израил армиясы (ЦАХАЛ) маалымдады.
Туткундагы адамдарды бошотуу бир нече этап менен өттү. Алгач Газа тилкесинин түштүк жагында 39 жаштагы Тал Шохам менен 38 жаштагы Авера Мангисту бошотулду. Алар Израилде жакындары менен жолугуп, андан соң ооруканага жаткырылат.
Газа тилкесинин борборундагы Нусейрат качкындар лагеринде дагы үч туткун, 27 жаштагы Элия Коэн, 23 жаштагы Өмер Венкерт, 22 жаштагы Өмер Шем-Тов бошотулду.
Акыркылардан болуп 2015-жылдан бери туткунда болгон Хишам ас-Саид коё берилди. Авера Мангисту менен Хишам ас-Саид он жылдан ашык барымтада болушту. Калган төрт киши 2023-жылы ХАМАС Израилге кол салган учурда барымтага алынган.
Израил өз жарандарынын бошотулушуна жооп кылып түрмөдө отурган 602 палестинди бошотушу керек.
15-январда Израил жана ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. Келишимдин 42 күнгө созулган биринчи баскычында Израил өз армиясын Газадан чыгара баштамак, ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда барымтага алынгандардын 33үн бошотмок. Маалыматка караганда, алардын сегизи өлгөн болушу ыктымал. Келишимдерге ылайык, палестин тарап ар бир барымтага алынган израилдик үчүн 30, ал эми ар бир аскерге абактагы 50 жаранын алат.
Шерине