Өткөн жылдын күзүндө Испаниянын бийлиги Орусияга санкцияланган химикаттарды ташуунун схемасынын бетин ачканын жарыялаган. Ал заттардын арасында химиялык курал жана нерв системасын шал кылган агенттерди жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон заттар бар болчу.
Андай химикаттардын Орусияга экспорту Еврошаркетте тынчсыздануу жаратары калетсиз. Эмне дегенде орус атайын кызматтары Кремлдин сынчыларын, анын ичинде оппозициянын лидери Алексей Навальныйды нерв агенттери менен ууландырган учурлар болгон.
Испаниянын бийлиги 13 тонна жүктө кандай конкреттүү заттар болгонун, алардын жардамы менен кандай химиялык курал жасоо мүмкүн экенин ачыкка чыгарган эмес.
Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иликтөөсү жүктүн арасында Орусиянын согуштук машинасында негизги роль ойногон кошулма болгонун аныктады.
“Свобода” радиосу испан полициясы жарыялаган рейддин видеосун талдап чыгып, колго түшүрүлгөн челектердеги заттардын бири Орусиянын аскердик өнөр жайында, анын ичинде дрондорду, континет аралык баллистикалык ракеталарды, суу астындагы атомдук кемелердин аккумуляторлорун чыгарууда колдонулат деген жыйынтыкка келди.
Ошол N-метил-2-пирролидон (NMP) деген кошулманын аталышы челектерге чапталган кагаздарда (этикеткаларда) көрүнүп турат.
Мунай жана фармацевтика тармактарында кеңири колдонулган химикат 2022-жылдын апрелинде, орус президенти Владимир Путин Украинага кол салгандан көп өтпөй Еврошаркеттин санкциялык тизмесине киргизилген. Башкача айтканда, аны Орусияга сатканга тыюу салынган.
Челектердеги этикеткалардан NMP Кытайдагы химиялык заводдо өндүрүлгөнүн, жүк Циндао портунан июнда жолго чыгып, үч айдан кийин Барселонага келгенин байкаса болот.
Москва Украинага каршы согуш баштагандан бери Кытайда өндүрүлгөн кошулманы Орусиянын санкцияга кирген мамлекеттик «Ростех» корпорациясынын филиалы сатып алган. Компания ядролук курал чыгарган, пилотсуз учактарды жасоого катышкан Курчатов институтун химиялык заттар менен камсыздап турат.
Испаниянын полициясы эки жыл бою кош максаттагы товарды мыйзамсыз жүгүртүүнү иликтеп келди. Видеодогу жүктөн тышкары санкцияга туш болгон химикаттардын башка партиялары болгонбу же жокпу, белгисиз.
Испан күч түзүмдөрү бул ишке байланыштуу шектелип жаткан адамдарды жана компанияларды атаган жок. Алар “Свободанын” октябрдагы рейдде кандай заттар колго түшүрүлгөнү тууралуу суроосуна жооп беришкен жок.
Жүк ташылган маршрут
Химиялык зат толтурулган челектердеги этикеткаларды анализдегенде иликтөөчү журналисттер NMP кошулмасын BYN Electronic Material деген компания өндүргөнүн аныктай алышты.
Видеодо YMLU3377990 деген контейнердин номери көрүнүп турат. Демек, ал кытайлык YangMing Marine Transport Corp жүк ташыган компаниясына таандык. Анын сайтында ошол колго түшүрүлгөн жүктүн маршруту көрсөтүлгөн. Контейнерлер Циндао портунан 19-июнда чыгып, 10-июлда Сингапурга жеткен. 28-июлда Барселонага бет алган. 21-сентябрда ал жерге жетип, үч жумадан кийин испан полициясы санкцияланган товар колго түшкөнүн жарыялаган.
“Свобода” радиосу сөз болгон химикатты 2023-жылы орусиялык Aventel RUS компаниясы алганын аныктады.
Орусия Украинага басып кире электе ал компания NMP кошулмасын АКШнын “кара тизмесине” илинген жардыргыч заттарды чыгарган Свердлов атындагы заводго жеткирип турууга аракеттенип, бирок андан майнап чыкпай калган.
Испан полициясынын операциясы
Испан полициясы Европанын көз боёмочулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен бирге жүргүзгөн иликтөө 2022-жылы башталган.
Ошондо испан тартип коргоочулары “орус тектүү жарандар жетектеген” жергиликтүү компанияга көз салып турганын, ишкана “Орусияга мыйзамсыз химиялык продукцияны” жеткирүү үчүн татаал түйүндү иштеп чыкканын билдирген.
Кеп болгон испаниялык компаниянын Москвада филиалы бар болчу. Испаниянын полициясы билдиргендей, жүк кайда баратканы жашырылып, ортомчу болгон башка өлкөлөрдөгү, арасында Армениядагы жана Кыргызстандагы фирмалар көрсөтүлгөнү менен химикаттар дал ошол филиалга багытталган. Алардын маалыматына караганда, ошол фиктивдүү фирмалар товарды Орусияга Борбор Азия аркылуу жеткирип турчу. Ошол схема АКШ жана Еврошаркет салган санкцияларды буйтап өтүп, Орусияга кош максаттагы электрониканы ташуу үчүн колдонулчу.
Өткөн октябрда Испаниянын полициясы ишти иликтеп жатканын билдирген. Тергөө азыр кандай жүрүп жатканы тууралуу суроого алар жооп берген жок.
Шерине