Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Евробиримдик Орусияга каршы кезектеги экономикалык санкциясын жарыялады


Евробиримдиктин 12-санкциясында Орусиядан алмаз импорттоого тыюу салынып, реэкспорт эрежелери катаалдашты. Андан тышкары айрым компания жана жеке адамдар "кара тизмеге" кирген.

Санкцияга ылайык, Орусиянын иштетилбеген алмазын импорттоого жаңы жылдын январынан тарта тыюу салынат, ал эми орус өндүрүшүнөн чыгарылган алмазды сатып алууну токтотуу 2024-жылдын март айынан тартып, бир нече баскыч менен жүрөт.

Швейцария Евробиримдиктин мүчөсү болбосо да, Орусиядан темир жана болот импорттоо санкциясына кошулду.

Ошол эле учурда Евробиримдик импорт-экспорт көзөмөлүн "Орусияга эмес" жобосу боюнча катаалдантат. Бул - европалык соодагерлер түзүүчү келишимдерде согуштук максатта же аскердик схеманы иштеп чыгуу максатында колдонулуучу товар же техникалардын Орусияга сатылышына тыюу салган пункт болушун шарттайт. Мындай товарлардын тизмесине химикаттар, куюлган кубаттагыч батареялар, термостаттар, учкучсуз аппараттарга колдонулуучу зымдар, станоктор жана тетиктер кошумчаланды.

Евробиримдик 12-санкцияны киргизүү менен Орусияга Украинадагы согушту улантышына шарт түзүп, киреше алып келүүчү товарлардын импорттолушун тыйды деп кабарланууда. Орусиядан импорттоого тыюу салынган товарлардын ичинде чоюндун түрлөрү, жез жана алюминий зымдар, фольга, түтүктөр бар. Ошондой эле 12 айлык мөөнөттөн өткөн кысылган пропан газын импорттоого болбойт жана Орусия мунайынын баасы да көзөмөлдөнөт.

Мындан тышкары Евробиримдик орусиялык же Орусия менен байланышы бар компаниялардын "кара тизмесин" да узартып, 29 ишкананы кошту. Украинадагы согушту каржылоого түз тиешеси бар деп саналган ишканалар азырынча ачыкталган жок. "Свобода" радиосу менен "Настоящая Время" телеканалынын иликтөөчү "Система" долбоору санкцияга кабылгандар ичинде Орусиянын каржы чалгыны - Росфинмониторинг жана анын жетекчиси Юрий Чиханчин бар экенин аныкташты.

Евробиримдик Орусиядан күнүмдүк жеке колдонулуучу товарларды, кийим-кечелерди алып кирүүгө тыюу салган жок. Биримдиктин аймагына Орусиянын дипломаттык каттоо номурлары бар автонуаалар кире алат. Мындан тышкары Евробиримдиктин Орусияда жашаган жарандары биримдиктин аймагына сатууга багытталбаган менчик унаалары менен гана өтө алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG