Кечки радио эфир | 05.02.2025 | Милиция журналистти 825 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалганын билдирди
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кеткен деген шек менен 23 жаштагы адам кармалганын билдирди. Маалымат боюнча, журналист 2024-жылы 17-октябрда райондук милицияга өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон аркылуу 825 миң сом акчасын алдап котортуп алганын айтып арызданган.
Шерине