Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Кечки радио эфир | 08.02.2025 | Темирлан Султанбеков сотко жеткирерде кайрадан эсин жоготкону кабарланды


Бишкек шаардык кеңештин мурдагы депутаты, "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев аталган партиянын абактагы лидери Темирлан Султанбеков сотко жеткирерде эсин жоготуп, "Тез жардам" чакыртылганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Султанбеков Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагында экенин жазды. Султанбековдун жактоочуларынын билдиришинче, Бишкектеги Свердлов райондук соту 8-февралда "Социал-демократтар" партиясынын лидери жана аталган партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн узартууну карамак. Отурум тууралуу алдын ала айтылган эмес жана адвокаттарга процесске бир саат калганда гана кабар берилген. Бишкек шаардык ички иштер башмармалыгы жана сот органдары азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG