Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 23-январда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен “Керемет банктын” жана Кыргызстанда катталган “Газпромнефть Азия”, “Мунай мырза” компаниялары санкцияга илиниши боюнча сүйлөштү.
Абакиров Кошмо Штаттардын мындай чечимине тынчсыздануусун билдирип, кыргыз тарап бул компаниялардын санкциялык тизмеге кирип калганына түшүнбөй жатканын белгиледи. Ошондой эле аталган компанияларды “кара тизмеден” чыгарууну өтүндү.
“Өз кезегинде элчи Вигери АКШ аталган кыргыз компанияларын санкциялар тизмесинен чыгарууга байланыштуу өз ара макулдашылган чечимдерди биргелешип издөө үчүн даяр экенин билдирди”, - деп жазылган маалыматта.
15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция салган.
АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.
“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.
11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына да санкция салган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны "кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат” деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар. (TAb)
Шерине