Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

Трамп жасалма интеллект боюнча 500 млрд долларлык долбоор башталарын жарыялады


АКШ президенти Дональд Трамп жана OpenAI, SoftBank жана Oracle компанияларынын башчылары Ак үйдөгү брифингде. 21-январь, 2025-жыл. Вашингтон.
АКШ президенти Дональд Трамп жана OpenAI, SoftBank жана Oracle компанияларынын башчылары Ак үйдөгү брифингде. 21-январь, 2025-жыл. Вашингтон.

Кошмо Штаттардын президенти жакында жасалма интеллект багытындагы 500 миллиард долларлык ири долбоор башталарын жарыялады. Бул тууралуу Дональд Трамп 21-январда Ак үйдө өткөн брифингде билдирди. Stargate деп аталган бул долбоорду америкалык OpenAI, SoftBank жана Oracle компаниялары биргеликте ишке ашырат. Аталган ишканалардын жетекчилери Сэм Альтман, Масаёси Сон жана Ларри Эллисон дагы брифингге катышты.

Трамптын айтуусунда, бул жасалма интеллекттин тарыхындагы Американын эбегейсиз дараметин даңазалаган ири долбоор болмокчу. Анын алкаганда 100 миңдей жумушчу орун түзүлүп, өлкө боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору курулат.

Андай борбордун бири Техаста курулуп жатканы белгилүү болду.

Сэм Альтман буга чейин жасалма интеллекти өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо зарыл экенин билдирип келген.

"Менимче, бул азыркы доордун эң маанилүү долбоору болот ", - деди Альтман. Андан тышкары долбоорго өнөктөштөр катары Microsoft, Arm, NVIDIA сыяктуу ири технологиялык компаниялар тартылат.

OpenAI - алгачкылардан болуп жасалма интеллект жаатында ийгиликке жетишкен компаниялардын бири. Ал 2022-жылы чыгарган ChatGPT ар кандай суроолорго жооп берип, тексттерди которуудан баштап, документтерди толтурганга чейин жардам берет.

Буга чейин Трамп мурдагы президент Жо Байдендин жасалма интеллекттин коопсуздук стандарттары тууралуу жарлыгын жокко чыгарган.

Шерине

XS
SM
MD
LG