Улуттук банк АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандагы “Керемет Банкка” салган санкцияга байланыштуу комментарий берди.
Өлкөнүн негизги банкы тараткан маалыматта Кыргызстанда банк сектору туруктуу экени, ар кандай тышкы тобокелдиктерге туруштук бере алары айтылат. Мекеме коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп, кардарларга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп жатканын жана ички валюта рыногундагы жагдай туруктуу экенин билдирди.
“Кыргызстандын банк системасына санкциялардын терс таасирлерин азайтуу жана өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.
15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет Банкка” да санкция салган.
АКШ “Керемет Банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлады.
Вашингтондун билдирүүсүндө “Промсвязьбанк” Орусиянын аскердик-өнөр жай базасындагы ишканаларга миллиарддаган доллар каржылык колдоо көрсөткөнү жазылган.
Ошондой эле 2024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги “Керемет Банктын” акцияларынын контролдук пакетин Орусиянын өкмөтүнө жакын орус олигархына байланышы бар фирмага сатканы айтылат. Вашингтондун маалыматында молдован тектүү орус олигархы Илан Шор санкцияларды кыйгап өтүү үчүн схемалардагы “Керемет Банктын” ролу тууралуу талкууларга катышкан.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган “санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат” деп айтууга негиз жок экенин билдирген.
Былтыр күзүндө мамлекеттик “Керемет Банк” жеке колго сатылганы белгилүү болгон. Банктын жаңы төрайымы болуп Татьяна Куржей аттуу казакстандык менежер дайындалган.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары “Керемет Банк” сатылганын, жаңы кожоюндары чет элдиктер экенин жазышкан. Былтыр жыл соңунда жергиликтүү медианын бири банкка Люксембургда катталган компания ээлик кылып калганын кабарлаган.
Былтыр июлда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында банк орусиялыктарга сатылганын жазган. Бул тууралуу журналисттер кайрылганда банк маалыматты четке каккан.
“Керемет Банктын” тарыхы 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанкка” барып такалат. Улуттук банкка өткөндөн кийин беш-алты жыл ортодо арсар абалда турган банктын 97,45% акциясын 2024-жылы март айында Финансы министрлиги сатып алган.
АКШ менен Евробиримдиктин өлкөлөрү 2022-жылдан бери Кыргызстандагы он чакты компанияга санкция салган. Алар көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдөн жарандык да, аскердик да багытта иштетилген кош маанидеги товарларды Орусияга өткөрүп турган ишканалар.
Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда 21 коммерциялык банк бар. (BTo)
Шерине