Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Болгария менен Румыния Шенген аймагына кошулду


Болгариянын ички иштер министри Атанас Илков жана Румыниянын ички иштер министри Кэтэлин Предою эки өлкөнүн чек арасында. 1-январь, 2025-жыл.
Болгариянын ички иштер министри Атанас Илков жана Румыниянын ички иштер министри Кэтэлин Предою эки өлкөнүн чек арасында. 1-январь, 2025-жыл.

Румыния менен Болгария 2025-жылдын 1-январында Шенген аймагынын толук кандуу мүчөсү болушту. Эки өлкө менен аймакка кирген башка өлкөлөрдүн ортосунда чек ара текшерүүлөрү жоюлду.

Болгариянын ички иштер министри Атанас Илков жана Румыниянын ички иштер министри Кэтэлин Предою 1-январга караган түнү Русу жана Журжу шаарларынын ортосундагы чек ара өткөрмө бекетинде жолугуп, чек аралардын расмий ачылышына катышты.

2025-жылдын алгачкы алты айында Румыния жана Болгария, Румыния жана Венгрия ортосунда айрым учурда текшерүүлөр болуп турат, кийин алар бара-бара такыр жоюлат.

Румыния менен Болгария 2007-жылдан бери Евробиримдик менен НАТОго мүчө. Бул эки мамлекет Шенген аймагына 2024-жылдын март айында кошулган. Анткен менен анда бир гана деңиз жана аба чек аралары ачылган. Жердеги чек араны ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр бир жылга созулду.

Эки өлкө тең курал-жабдык, маңзат жана адам аткезчилиги көп катталган аймакта жайгашкан. Буга карабай Еврокомиссия билдиргендей, дыкат текшерүүнүн жыйынтыгында Бухарест менен София Шенген аймактарынын талаптарына жооп берерин көрсөттү.

Румыния менен Болгариянын кошулуусуна Австрия каршы чыгып келген. Расмий Венанын жүйөсүнө караганда, бул эки өлкөдө тең мыйзамсыз миграциянын деңгээли жогору. Анткен менен үч жума мурда Австрия өз ветосун алды.

Шерине

XS
SM
MD
LG