Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:05

Украинадагы DTEK компаниясы АКШдан суюлтулган газдын алгачкы бөлүгүн алды


Кысылган жаратылыш газын ташыган кеме. Иллюстрациялык сүрөт.
Кысылган жаратылыш газын ташыган кеме. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинадагы ири энергетикалык компания – DTEK АКШдан суюлтулган жаратылыш газынын алгачкы партиясын кабыл алды.

Газ ташыган Gaslog Savannah кемеси Грекияга АКШнын Луизианадан келгени тууралуу компаниянын сайтында кабарланды. Ага ылайык, кеме Кара деңиз аркылуу жүрүү чектелгенине байланыштуу Грекиянын портуна багыт алган.

100 млн метр куб чамалуу газ Revithoussa портуна жума күнү, эртең менен келип түштү. Жалпы европалык соода компаниясынын алдындагы DTEK жүктүн баарын сатып алганы, эми товар Евробиримдиктин жана Украинанын газ тармактары аркылуу жиберилери кабарланды.

АКШ газы Украина өз аймагы аркылуу Орусиянын көгүлтүр отунун Евробиримдикке өткөрүү келишимин токтоторуна аз күн калганда жетти.

АКШнын Финансы министрлиги Орусия Украинага каршы ачкан согуштан кийин "Газпромбанка" каршы санкция салган.

Шерине

XS
SM
MD
LG