Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Сочи жана Казан аэропортторунун иши убактылуу токтоп турат


Казан шаарынын аэропорту
Казан шаарынын аэропорту

Сочи жана Казан аэропортторунун иши убактылуу токтоп турат. Алар учактарды кабыл албай жана учурбай жатат. Росавиациянын маалыматында, мындай чара «жарандык учактардын коопсуздугун камсыздоо» үчүн көрүлдү. Бирок башка чоо-жайы айтылган жок.

Baza Телеграм-каналы аэропорттор дрон чабуулунун коркунучунан улам жабылганын жазды.

Сочи аэропортунун басма сөз кызматы 12 учак башка аэропортторго багытталганын, бир нече каттам убактылуу аткарылбай турганын тастыктады.

Казандын аба майданы шаршембиде да иштебей турду. Ошондо орус бийлиги украиналык 59 пилотсуз учак жок кылынганын билдирген.

“Свобода” радиосу маалымдагандай, түн ичинде Волгоград жана Астрахандын аэропортторунда аба мейкиндигин колдонууга чектөө киргизилип, кийин алынды.

Baza Самара, Грозный жана Махачкалада аба мейкиндикти жабуу режими киргизилгенин кабарлады.

Бейшембиде орус баш калаасындагы Шереметьево, Домодедово, Внуково жана Жуковский, Калуга шаарынын аэропорттору ишин убактылуу токтоткон.

Орусиянын Коргоо министрлиги 27-декабрга караган түнү украиналык 13 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Киев бул маалыматка комментарий берген жок.

21-декабрда Казан шаарына дрон чабуулу коюлганын татар баш калаасынын бийлиги билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG