Абанын сапаты боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Кыргызстанда орнотулган жабдуулар берген көрсөткүчтөр канчалык так экенин жана аларды техникалык жактан текшерүүнү талкуулашты. Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын 25-декабрда болду.
Анда сөз болгондой, абанын булганышын өлчөгөн каражаттардын көбү тиешелүү техникалык талаптарга жана стандарттарга жооп бербей турганы аныкталган.
“Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери Бишкек шаарында жайгашкан коммерциялык уюмдар жана жеке адамдар колдонгон аппараттарга мониторинг жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы боюнча приборлордун шайкештик сертификаттары, ошондой эле метрология боюнча улуттук органдын текшерүү жана калибрлөө сертификаттары жок экендиги аныкталган”, - деп жазылган билдирүүдө.
Жыйында берилген сунуштарга ылайык, абанын сапатын текшерүү үчүн колдонулган сенсорлор методикалык сунуштарга ылайык жайгаштырылышы керек. Тиешелүү мамлекеттик органдарга датчиктердин эрежелерин жана методологиясын иштеп чыгуу жана милдеттүү түрдө сертификациялоо системасын киргизүүсү шарт. Ал эми учурда абанын сапатын көрсөтүп жаткан сенсор ээлеринин арасында маалыматтык иш-чаралар өткөрүлө турган болду.
Соңку күндөрү айрыкча Бишкек шаарында абанын булганышы кызуу талкууланып, бул маселе парламентте да көтөрүлдү.
Жогорку Кеңештин 25-декабрдагы жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Бишкекте “кара түтүн жылдан-жылга азайып жатканын” белгилеп, өкмөт бул багытта бир катар көйгөйлөрдү чечкенин айткан. Кулматовдун мындай билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү.
World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө 24-декабрда Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкса, 27-декабрда 40-сапта турат.
Баш калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды.
Жыл сайын айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталган учурда баш калааны каптаган ыш, түтүн күч алып, экология маселеси курчуйт. (TAb)
Шерине