Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:14
Үчүнчү элдик курултайдын катышуучулары, 20-декабрь, 2024-жыл
Үчүнчү элдик курултайдын катышуучулары, 20-декабрь, 2024-жыл

Курултай: Cотторду тандоо, имамдарга маяна, ыш, тыгын

Бишкекте  20-декабрда үчүнчү Элдик курултай башталды. Эки күндүк курултайга 698 делегат катышууда. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары, 30 делегат - чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар.

23:58 21.12.2024

Үчүнчү элдик курултайда 150 киши баяндама жасап, 2 миңдей суроо-сунуш түштү

Бишкекте 20-декабрда башталган Үчүнчү элдик курултай жыйынтыкталды. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөн эки күндүк курултайга 1140 киши катышса, анын 698у делегаттар болду.

Элдик курултайдын редакциялык жумушчу тобунун жетекчиси Мухтаржан Исмаилов билдиргендей, эки күндүк иш-чарада 150 делегат баяндама жасап, жалпысынан 2 миңдей суроо-сунуш кабыл алынган.

Курултай соңунда баяндалган резолюцида саясий-экономикалык, социалдык көйгөйлөр, кадрдык саясат, билим берүү, укук коргоо, экология, саламаттык сактоо тармагындагы маселелер, улуттук баалуулуктар жана башка көйгөйлөр көтөрүлгөнү белгиленди.

Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев резолюция боюнча талдоо жүрүп, иш пландар даярдаларын билдирди. Бул документ президент Садыр Жапаровго сунушталып, ал тескемеге кол коёт. Андан соң резолюциянын аткарылышын Элдик курултайдын катчылыгы, президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети көзөмөлгө аларын кошумчалады.

Курултайга катышкан 698 делегаттын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болду.

23:57 21.12.2024

Президент Жапаров мечиттеги имамдарга маяна берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан Кыргызстандагы бардык айыл аймактардын имамдарына 8 миң сомдон маяна берилип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда сүйлөп жатып айтты. Алдыда март айынан тарта өлкө боюнча бардык мечиттин имамдарына айлык маяна бериле баштай турганын, жалпы 4 миңдей мечит бар экенин билдирди.

Маяна башында 8 миң сомдон берилип, жылдын соңунда 20 миң сомго көтөрүлөрүн тактады.

“Албетте, мамлекеттик бюджеттен бөлгөн жокпуз. Анткени дин менен мамлекет эки бөлөк. Булактарын таптык, азыр муфтий мырза менен кеңешип, ушуну кылып жатабыз”, - деди Жапаров.

Мындан тышкары ар бир мечитте битир-садага чогултууга QR-коддор коюлуп, каражат муфтияттын эсебине түшө турган система түзүлөрүн кошумчалады.

Президент Жапаров даабат тууралуу да сүйлөп, ал тыйылбай турганын, үймө-үй кыдырууга гана чектөө кирип жатканын билдирди. Ал азыркы учурда технологиялар өнүккөнүн, динди таратууга уюлдук телефондун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу керектигин айтты.

Жогорку Кеңеш 12-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

12:02 21.12.2024

Элдик курултайда сотторду тандоо системасын жаңылоо сунушталды

Элдик курултайдын сот адилеттик иштери боюнча кеңешинин өкүлү Таалай Алыбаев Кыргызстанда судьяларды тандоо ыкмасын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу 21-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Үчүнчү элдик курултайда айтып чыкты. Анын пикиринде, азыркы тандоо системасы менен талапкерлердин кесипкөйлүгүн, өзгөчө моралдык-этикалык жөндөмүн толук кандуу баалоо мүмкүн эмес.

“Анын бирден-бир себеби тандоо процессинде кагаз иштеринин көптүгү жана электрондук документ жүргүзүү системасынын жоктугу, тандоодо баалоо ыкмасынын азыркы талаптарга жооп бербеши, техникалык каражаттардын эскириши талапкерди толук кандуу баалоого тоскоол болууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн судьялык кызматка талапкерлерди тандоо үчүн алардын резервин түзүп, Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуп, жергиликтүү соттордо эки жылдан стажировкадан өткөрүү зарыл. Практикалык жөндөмүн бекемдеген соң судьялык кызматка дайындаганда кесипкөй адистер чыгат”, - деди Алыбаев.

Ал ошондой эле судьялардын чынчылдыгын текшерүү үчүн жылына бир жолу полиграф тестирлөөдөн өткөрүп турууну жана сот системасына кабыл алуудагы процесстерди санариптештирүүнү сунуштады.

Жогорку Соттун жаңы дайындалган төрагасы Медербек Сатыев мамлекеттик медиалардын бирине курган маегинде сот системасындагы коррупцияны жоюу үчүн катуу чараларды көрөрүн жана санариптештирүүгө басым жасай турганын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети соңку учурда пара алууга шектелип судьялар кармалганы боюнча утур-утур маалымат берүүдө. 18-декабрда Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы жана анын жубайы алдамчылыкка шектелип кармалганын билдирген.

21:30 20.12.2024

Курултайдын делегаттары Бишкектеги ыш, тыгын маселесин көтөрүштү

Бишкекти каптаган ыш
Бишкекти каптаган ыш

Үчүнчү Элдик курултайдын делегаттары Айтбек Курманов менен Саадатбек Күжөгөнов Бишкек шаарындагы негизги көйгөйлөрдөн ыш, жол тыгыны, автоунаа токтотуучу жайлардын аздыгы жана башаламан курулуш маселелерин көтөрүштү.

Алар шаардын көркүн бузган курулуштарды токтотуп, ыш көйгөйүн чечүү керектигин айтышты.

Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот.

Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG