Курултайдын делегаттары Бишкектеги ыш, тыгын маселесин көтөрүштү
Үчүнчү Элдик курултайдын делегаттары Айтбек Курманов менен Саадатбек Күжөгөнов Бишкек шаарындагы негизги көйгөйлөрдөн ыш, жол тыгыны, автоунаа токтотуучу жайлардын аздыгы жана башаламан курулуш маселелерин көтөрүштү.
Алар шаардын көркүн бузган курулуштарды токтотуп, ыш көйгөйүн чечүү керектигин айтышты.
Бишкек соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөдөгү абасы булганган жана эң кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Кыш мезгилинде борбор калаадагы абанын булганышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган абанын сапаты боюнча нормадан дээрлик 30 эсеге жогору болот.
Абаны негизинен жер тамдарда жагылган от, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) түтүнү, шаардын тегерегиндеги башаламан курулуштар, автоунаалар булгай турганы айтылып келет.
Президент Курултайда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады
Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда делегаттардын бири Асылбек Абдыкадыров “Азаттык”, "Кактус Медиа", "Политклиника" басылмаларынын өкүлдөрүнө сөз берүүнү сунуштады. Абдыкадыров аталган медиалар бийликти сындап келерин айтып, ойлорун угуп коюу туура болорун айтты.
Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев бул сунуш боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин сурады. Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, аталган медиалардын өкүлдөрүнө сөз берүүнү Элдик курултайда делегаттары чечерин айтты.
“Кандай гана маселе болбосун трибунага чыгып ачык айткыла. Чапаныңарды эч ким чечип албайт, бир тал чачыңар түшпөйт. Азыркы киши туура айтты. Сөз эркиндиги бизде бар, болуп келген, мындан ары дагы болот. Мен бүгүн дагы кайталап койсом. Сөз эркиндиги менен ушак айыңды, бирөөгө жалган жалаа жаап, мазактоону, анан калп айтууну алмаштырып албаса болду. Так факт менен айта бергиле", - деди Жапаров.
Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылып, алар коюлган кинени четке кагышкан.
Социалдык тармактарда өзүнүн пикирин жазганы үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар же тергөө абагында отургандар да бар. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган.
2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт
Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнө турганын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 20-декабрда Элдик курултайда билдирди.
“Бизде билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министрлик бир эле учурда мектепке чейинки билимди, мектепти, лицейлерди, кесиптик, жогорку окуу жайларды, илим изилдөө институттарын, Илимдер академиясы өндүү 8-9 багытты алып барат. Буга эки баштуу министрликти койсок дагы алып кете албай жатат. Мен министрликти бөлүш керек деп, парламенттин триубунасынан да бир-эки жолу айттым. Мектеке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Демилгени урматтуу президентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат”, - деди Нурланбек Шакиев.
Шерине