Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

“Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумагазы Садыр уулу каза болду


Жумагазы Садыр уулу.
Жумагазы Садыр уулу.

“Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумагазы Садыр уулу 19-декабрда 71 жашында Бишкекте оорудан улам каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Жумагазы Садыр уулу 1953-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. Ал 1989-жылы түзүлгөн үй куруучулардын “Ашар” кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

1990-жылы 25-январда кыргызстандык жаштар, студенттер алгачкы жолу өз укуктарын коргоп, Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына демонстрацияга чыгышкан. Үй куруучулардын “Ашар” кыймылы башында турган жаштар эки күнгө созулган нааразылык акциясында бийликтен жаштарды турак жай менен камсыздоо, билим алууга, иштөөгө шарт түзүп берүү талаптарын коюшкан.

Бул демонстрациянын алдында Бишкектин тегерегинде үй куруу үчүн жер аянттарын массалык түрдө ээлеп алуу аракеттери башталган. Кийин жаштардын талабы менен борбордун чет жакаларындагы жаңы конуштар пайда болгон.

Жумагазы Садыр уулу кийин да коомдук иштерге активдүү катышып, саясий окуялар боюнча пикирин ачык билдирип турган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG