Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Социал-демократтардын штаб башчысынын сүйлөшүүсү делген видео боюнча иш козголду


Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.
Социалдык тармактарга тараган видеодон алынган кадр.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Социал-демократтар партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген видео боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Шаардык милициянын 13-ноябрдагы маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү жүрүп жатат.

Мунун алдында социалдык тармактарда Карамушкина жана Чолпонбаевдин телефондон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сүйлөшүп жатканы угулат. Видеодо Чолпонбаев Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер экени жазылган. Аудио жазуу качан, кайда жаздырылганы жана аны ким жарыялаганы белгисиз. Карамушкина өзү Бишкек шаардык милициясына кирер алдында кайсы видео тууралуу сөз болуп жатканын билбестигин журналисттерге айтты. Ал ошондой эле бул иштер шайлоо алдында партияны каралоо максатында уюштурулуп жатат деп эсептерин кошумчалады.

"Кимдир бирөө шайлоочуларга акча таратып жатканыбызды көргөн имиш. Добуш сатып алууга айыптап жатышат бизди. Эч кандай далил келтиришкен жок. Кийинчерээк болот дешти. Тинтүү жүргүзүштү. Компьютерлерди, дисктерди, өзүлөрүнө керектүүлөрдүн баарын алып кетишти. Темирлан Султанбековдун билдирүүсүнөн кийин партиябызга кандайдыр бир чабуул башталды деп эсептейм. Анын оозун жаап, шайлоо алдында партиябызга көө жабуу үчүн жасалган иштер деп ойлойм", - деди Карамушкина.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында Социал-демократтар партиясынын 39 талапкеринин ичинде Данияр Чолпонбаев жок. Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин VI чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон.

Азырынча бул иш боюнча БШК комментарий бере элек.

13-ноябрда Социал-демократтар партиясынын Бишкек шаарындагы кеңсесине укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, партияны шаардык кеңешке баштап бараткан Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөттү.

Өздөрүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрү деп тааныштырган кызматкерлер тинтүү эмненин негизинде экенин түшүндүрүп жатканын көрүүгө болот.

Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков Инстаграмдагы баракчасында тинтүүнүн жүрүшүн сырттан тартып көрсөттү. Ал муну "саясий басым" катары баалап, президент Садыр Жапаровго кайрылды.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине жана башка аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууда.

Аймактык реформанын негизинде Кыргызстанда айыл-кыштактар ирилешип, жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда тарап, кайра шайлоо белгиленген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG