Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Садыр Жапаров эл аралык колдоо болсо, өндүрүштөгү зыяндуу газды 44% азайтуу планын айтты


Садыр Жапаров. Баку, Азербайжан. 12-ноябрь, 2024-жыл
Садыр Жапаров. Баку, Азербайжан. 12-ноябрь, 2024-жыл

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн көлөмү соңку 70 жылда 16 пайызга кыскарып, айрым аймактарда дээрлик бардык мөңгүлөр жок болуп кеткен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 12-ноябрда Бакуда өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климаттын өзгөрүүсү боюнча алкактык конвенциясына кошулган тараптардын 29-конференциясында сүйлөп жатып айтты.

Ал быйыл жылдын биринчи жарымында өлкөдө жер көчкүлөрдүн саны кескин өсүп, 300дөн ашык табият кырсыгы инфраструктуранын олуттуу бузулушуна, адамдардын каза болушуна жана кооптуу аймактарда жашаган миңдеген тургундардын көчүрүлүшүнө алып келгенин белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстан өндүрүштөгү зыяндуу газдарынын эмиссиясын 2030-жылга карата 16%, ал эми эл аралык колдоо болсо 44% кыскартууну пландап жатканын айтты.

Президент Жапаров Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө басым жасап жатканы тууралуу да маалымат берди.

“Энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду белгилеп кетким келет. Мисалы, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча долбоору ишке ашырыла баштады. 2023-жылы Кыргызстанда 10 чакан ГЭС ишке киргизилди. Быйыл дагы 15 чакан ГЭС куруу, ошондой эле жалпы кубаттуулугу 400 МВттан ашкан күн станциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда”, - деди Жапаров.

Ал тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштыруу механизмин демилгелегенин, бул өнөктүктү колдогон Германия менен Түркияга ыраазычылык билдирди.

Климаттын өзгөрүшү менен суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселеси курчуп жатканын, буга байланыштуу энергияны жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү боюнча Регионалдык борборду Бишкек шаарында түзүү демилгесин колдоону сунуштады.

Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климат саммитине 50 миңден ашык адам, анын ичинен жүздөн ашык мамлекеттин лидерлери катышууда.

COP29 Дүйнөлүк климат саммити Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен 11-22-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбору Бакуда өтүп жатат. Буга чейинки саммит былтыр 30-ноябрдан 12-декабрга чейин Дубайда болгон. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG