Испанияда селден набыт болгондор 200дөн ашты
Испанияда суу ташкындан набыт болгондордун саны 200дөн ашты. Жергиликтүү тургундар убагында чара көрүп, эскертүү бербегени үчүн бийликти күнөөлөсө, өкмөт мунун себебин климаттын өзгөрүүсүнөн көрүүдө. Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековду сот 70 миң сом айыпка жыкты. Ал алты айча абакта жатып, кийин үй камагына чыккан эле. Министрлер кабинети 12 жылдык окуу боюнча концепцияны бекитти. Балдар мектепке 6 жаштан барат, нөлүнчү класс биринчи класс болуп эсептелет. Мектеп бүтүрүүчүсүнүн жашы өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 11, 2025"Евразия" медиа мектебинин максаты менен маңызы
-
Ноябрь 10, 2025Астана: Армияда өлгөн аскерлердин апалары бийликке кайрылды
-
Ноябрь 06, 2025"Кара алтындын" баасы канча?
-
Ноябрь 05, 2025"Нью-Йорк - иммигранттардын шаары". Мамданинин жеңиши