Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Молдова: Президенттик шайлоонун экинчи туруна Орусия кийлигиштиби?


Президенттикке ат салышкандар: Майя Санду менен Александр Стояногло
Президенттикке ат салышкандар: Майя Санду менен Александр Стояногло

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жарандардын 54% добуш бергенин билдирди. Шайлоодо эки талапкер - батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышты.

Молдовада добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды. Жалпы 2,2 миңден ашуун шайлоо тилкесинин 231и чет мамлекеттерде жайгашкан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жеткен талапкер төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат. Шайлоо Молдованын убактысы менен кечки саат 21.00дө аяктады.

Саат 21:00гө карата өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын катышуусу 54% ашканын жарыялады. Бул 2020-жылдагы президенттик шайлоонун биринчи жана экинчи туруна караганда алдаганча жогору.

20-октябрдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган.

Баштапкы жыйынтык жергиликтүү саат боюнча 22:00дөн кийин жарыяланары, тагыраак маалыматтар андан кечирээк чыгары күтүлүп жатат.

Шайлоо президенттик жарышка жана Молдованын Европага интеграция болуу маселеси добушка коюлган референдумга Орусия кийлигишти деген айыптоолордун фонунда өттү.

Майя Сандунун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Станислав Секриеру X тармагына азыркы шайлоонун экинчи айлампасына да Орусия "масштабдуу кийлигишкенин" жазды.

«Добуштардын жыйынтыгын бурмалоо аракети болду», - деген Секриеру андан башка маалымат берген жок.

Эки талапкердин таржымалы. ЕБди жактаган Санду

АКШдагы атактуу Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү жана Дүйнөлүк банктын мурдагы кызматкери Майя Санду Молдованын биринчи аял президенти. Ал 2020-жылдагы президенттик шайлоодо Евробиримдикти жактаган күчтүү билдирүүсү менен жеңишке жеткен. Ал коррупция менен күрөшүүгө жана сот системасын реформалоого убада берген эле.

Президент Майя Санду.
Президент Майя Санду.

Бирок Сандунун биринчи президенттик мөөнөтү Молдованын экономикасы коронавирус пандемиясынан жабыркаган жана Орусия менен геосаясий чыңалуу күчөгөн убакка туш келди.

52 жаштагы Санду 2012-жылы өлкөнүн билим берүү министри болуп турган маалда көпчүлүккө таанылган. 2016-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, андан кийин ал кыска мөөнөткө өлкөнүн премьер-министрлик кызматын аткарган.

Президенттик кызматта турганда Санду 2022-жылдын июнь айында Молдованын Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер болушун камсыз кыла алды. Бул жараянды Орусиянын Украинага басып кириши тездеткендей болду.

Айрымдар Майя Сандуну анын өз принциптери үчүн бекем турганы үчүн кубатташат. Бирок аны өлкөдөгү сот реформасы жай жүрүп жатканы жана Молдованын экономикасын жандандыра албаганы үчүн сындагандар да аз эмес. 27-октябрдагы теледебатта Санду убада кылынган сот реформасы, анын ичинде коррупцияга каршы күрөш жана Башкы прокуратураны реформалоо жай жүрүп жатканын моюнга алып, мындай чаралар келечекте натыйжалуу болорун убада кылды.

Президент кезинде Санду Кремлге ыктаган саясий партиялардын сынына кабылып, аны Москва менен чыр-чатакты күчөттү деп айыпташкан. 2022-жылы декабрда ал орусиячыл алты телеканалдын лицензиясын "жалган маалымат тараткан" деп токтоткондон кийин сөз эркиндигин чектеди деген айыптоолорго да туш болгон.

Шайлоо кампаниясында Санду тынчтыкты сактоого, Европадагы эң жакыр өлкөдөгү элдин жашоо шартын жакшыртууга жана 2030-жылга чейин Евробиримдикке кирүүгө убада берген.

20-октябрда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы менен бир убакта өткөн референдумунда Молдованын европалык багыты аз упай менен колдоо тапкан. Санду бул шайлоодо Молдова болуп көрбөгөндөй көз боёмочулукка дуушар болгонун жана “кылмыштуу топтор” менен “чет элдик күчтөр” 300 миңдей добушту сатып алууга аракет кылып жатканын айтты. Ага карабай ал биринчи айлампанын жыйынтыгын четке каккан жок.

Кремлдин таасиринен арылууга аракеттенип келаткан Молдованын бийлиги добуштарды сатып алуу жана Евробиримдик тууралуу жалган маалымат таратуу менен коштолгон, орусиячыл олигарх Илан Шор жетектеген схеманын бетин ачканын билдирген.

Молдова полициясы мурдагы депутат, жемкорлук үчүн сыртынан соттолгон, быйыл Орусиянын жарандыгын алган олигарх Илан Шорду президенттик шайлоо жана референдум учурунда добуш сатып алууга миңдеген молдовалык жарандын банк эсебине каражат которгону үчүн айыптоодо.

Ал эми Санду жетишсиз далилдерди келтиргени жана жапа чеккен молдовалыктардын санын көбүртүп жатканы үчүн атаандашынын сынына кабылды. (Полиция добуш сатып алуу схемасына 300 миң эмес, 138 миң адам аралашканын билдирди.)

Александр Стояноглого так мүнөздөмө берүү кыйын

Александр Стояноглонун 2019-2021-жылдар аралыгында Молдованын Башкы прокурору катары тажрыйбасы анын президенттик шайлоо кампаниясына олуттуу таасирин тийгизди. 57 жаштагы талапкер “мыйзамдын жалган жалаанын үстүнөн жеңишин камсыз кылам” деп убада кылды.

Башкы прокурор катары Стояногло бийликтин жогорку сересиндеги коррупция менен күрөшө албаганы үчүн катуу сынга алынган. Тактап айтканда, ал өлкөнүн банктарынан бир миллиард доллардын жоголушуна тиешеси бар олигарх Вячеслав Платондун жана Социалисттик партиянын лидери, экс-президент Игорь Додонго шектүү баштык берип жатканы тасмага тартылган Шордун маселсиндеги аракетсиздик үчүн айыпталган.

Орусиядагы молдован диаспорасынын арасында эң популярдуу талапкер болгонуна жана кремлчил Социалисттик партия колдоо алганына карабастан, Стояногло "Москванын адамы" деген айыптоолорду четке кагат.

Ал өзүнүн дарегине айтылган коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзамсыз баюу боюнча бир нече айыптоолорду четке кагып, далилдер Сандунун администрациясы тарабынан бурмаланган деп эсептейт.

Бирок Стояногло башкы прокурорлук кызматтан четтетилишине байланыштуу Страсбургдагы Адам укуктары боюнча Европа сотундагы ишти утуп алуу менен айрым сөздөрдөн өзүн тазалай алган.

Александр Стояногло
Александр Стояногло

Стояноглонун cаясий карьерасына бир кылка мүнөздөмө берүү оор. Ал парламенттеги европачыл коалициянын мүчөсү болгонуна карабастан коммунисттик доордогу мыкаачылыктарды айыптаган резолюцияга добуш берүүдөн баш тартуу сыяктуу орусиячыл позицияларды карманып келет. Анын Украинадагы согушка болгон реакциясы да ар түрдүү болгон. Ал согушка “терс көз карашын” билдирген, бирок Орусияны баскынчылык үчүн түз айыптаган эмес.

Стояногло Молдованын Евробиримдикке кирүү аракетине да этияттык менен мамиле кылган. Ал Евробиримдикке кошулуу маселесин Конституцияга киргизүү боюнча референдумга бойкот жарыялап, Евробиримдик талап кылган реформалардын темпин жана аткарылышын сынга алган. Ошол эле кезде ал Санду менен чогуу Молдованын европалык багытын колдогон биргелешкен декларацияга кол коюуну сунуштаган.

Анын бул кадамы саясий эки жүздүүлүк деген сыяктуу айыптоолор менен коштолду. Александр Стояногло өзү Румыниянын (демек, Евробиримдиктин) жараны жана анын кызы Европанын Борбордук банкында иштей турганы маалымат тараган.

Макаланын автору: "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун молдован кызматы
Которгон: Айгерим Акылбекова
XS
SM
MD
LG