Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:31

Кыргызстан Кытайдын туристтик топтору үчүн визасыз режим киргизди


Эдил Байсалов жана Шэнь Юэюэ. Кытай, октябрь, 2024-жыл
Эдил Байсалов жана Шэнь Юэюэ. Кытай, октябрь, 2024-жыл

Кытайдан Кыргызстанга келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кытай - Борбор Азия” XI кызматташтык форумунун алкагында Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, Кытайда өткөн жолугушууда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамиле жана эл аралык уюмдар алкагында кызматташууну талкуулашты.

Эдил Байсалов эки өлкө лидерлеринин жетекчилиги астында Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгү жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле Министрлер кабинети тарабынан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн 21 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилгенин билдирди.

Өз кезегинде Шэнь Юэюэ түрд чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин белгилеп, Кытайдын демилгелерин колдогону үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирди.

Жолугушуула Эдил Байсалов аны Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кыргызстан буга чейин Кытайдын бир катар аймактарынын тургундарына визасыз режим киргизген. Ага ылайык, Макао жана Гонконг атайын администрациялык райондорунун туруктуу жашоочулары кайра кеткенге авиабилети болгон учурда 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз Кыргызстанда жүрө алышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG