Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Орусия балалуу болбоого үгүттөгөндөрдү жазалайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда балалуу болуудан баш тарткандарды пропагандалаган маалыматтан коргоону көздөгөн мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу палатанын төрагасы Вячеслав Володин билдирди.

Володиндин айтымында, 17-октябрда мыйзам долбооруна 388 депутат «макул» деп добуш берди. Мамлекеттик Думада жалпысынан 450 депутат бар.

"Биз баланы, үй-бүлөнү жана улуттук каада-салттарды коргоо боюнча мыйзамдык чөйрөнү калыптандыруу аракетибизди улантып жатабыз", – деди Володин.

Мыйзам бардык окууларда колдоо таап, кабыл алынса Орусиянын алты мыйзамына, анын ичинде «педофилияны, ЛГБТны жана жынысын алмаштырууну пропагандалоого тыюу салуу» жөнүндөгү документке толуктоо киргизилет. Интернетте, жалпыга маалымдоо каражаттарында, жарнамада жана кинодо бала төрөп ата-эне болуудан баш тартуу тууралуу нейтралдуу жана позитивдүү маалымат жайылтууга тыюу салынат.

Мыйзамдын мындай талабына баш ийбегендер жазаланат. Жеке адамдар 400 миң рубль, ал эми юридикалык жактар 5 миллион рубль өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттүү болот. Ал эми чет элдиктер айыппул төлөөдөн тышкары 15 суткага камалат жана Орусиянын аймагынан чыгарылат.

Демилгенин автору – Мамдуманын бийликтеги «Единая Россия» партиясынан депутаты Элвира Аиткулова. Ал «НетЧайлдфри» деген хештег алдына негативдүү реакция калтырууга тыюу салган.

«Балалуу болбоого үгүттү» тыйыш керек экенин буга чейин бир катар орусиялык жетекчилер, анын ичинде Федерация Кеңешинин башчысы Валентина Матвиенко айтып чыгышкан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Көбүрөөк бала төрөлүшүнө тоскоол болгон нерселердин баары биздин жашообуздан жок болушу керек" деп айткан.

Мыйзамдын сынчылары аны Украинадагы согушунда көптөгөн жаранынан айрылып жаткан Орусия бийлигинин “Кремлге жаңы аскерлерди даярдоо” аракети деп атап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG